БИОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БИОЛО́ГИЯ (био... ж-а ...логия) – тирүү жаратылыш ж-дөгү илимдер жыйындысы. Б. тиричиликтин бардык кубулуштарын, организмдин түзүлүшүн ж-а функциясын, таралышын, келип чыгышын, өөрчүшүн, бири-бири м-н жансыз табиятка болгон байланышын изилдейт ж-а үйрөтөт. Б-нын негизги максаты – бул кубулуштардын законченемин үйрөнүү, тиричиликтин негизин аныктоо, тирүү организмдерди системага келтирүү, өсүмдүк ж-а жаныбарлар байлыгын тейлөө, ар түрдүү тиричилик формаларынын пайда болуу ж-а өөрчүү законченемдерин үйрөнүү, жаратылышты адамдын керектөөсүнө жараша өзгөртүү. «Б.» терминин 1802-ж. фр. илимпозу Ж. Б. Ламарк ж-а немис илимпозу Г. Р. Тревиранус сунуш кылган. Швед биологу Карл Линнейдин «Табият систематикасы» (1735) деген эмгегинде өсүмдүк ж-а жаныбар түрлөрү классификацияланган. 1839-ж. немис илимпозу Т. Шванн клетка теориясын ачкан. Ал организмдин түзүлүшү клеткалардан тургандыгын далилдеген. Ч. Дарвин «Түрлөрдүн келип чыгышы» (1859) аттуу эмгегинде жаныбар м-н өсүмдүк түрүнүн өзгөрүшүн ж-а жаңы түрдүн келип чыгышын аныктаган. Б-нын өсүшүнө И. В. Мичуриндин окуусу, И. П. Павловдун жогорку нерв системасынын иши ж-дөгү эмгектери негиз болду. Тиричиликтин татаал көрүнүштөрү ж-а кубулуштары ар түрдүү шарттарда Б-нын алдына ар кандай максаттарды коюп, аны жаңы биол. объекттерди изилдөөгө түрттү. Табияттагы тиричилик ж-дө илим кеңейип отуруп, анын жаңы тармактарын пайда кылды. Б-да биринчилерден болуп жаныбарлар ж-дөгү зоология, өсүмдүктөр ж-дөгү ботаника, о. эле адамдын анатомиясы ж-а физиологиясы бөлүмдөрү пайда болгон. Б. изилдөө объектисине карата да бөлүнөт. Микроорганизмдерди микробиология, сууда жашоочу организмдерди гидробиология изилдейт. Ар бир организм өзүнө мүнөздүү сырткы түзүлүшү ж-а тиричилигинин ар түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Алардын түзүлүшүн ж-а формасын морфология үйрөтсө, функциясынын законченемин физиология илими изилдейт. Өсүмдүк морфологиясы – өсүмдүктөрдүн формаларын, пайда болуу процессин, сырткы түзүлүшүн; өсүмдүктөрдүн анатомиясы – өсүмдүктүн микроскоптук ички түзүлүшүн; адамдын ж-а жаныбар анатомиясы – жаныбардын, адамдын түзүлүшүн, формасын; жаныбардын салыштырма анатомиясы – ар түрдүү типке кирген жаныбардын органдар системасын бири бирине салыштырып карайт; гистология – жаныбар ж-а адамдын ткань түзүлүшүн; эмбриология – түйүлдүктүн өөрчүшүн; цитология – жаныбар ж-а өсүмдүктүн клеткасын; палеонтология тукумкурут болгон организм ж-а өсүмдүк калдыктарын изилдейт. Зоология өз кезегинде териология (сүт эмүүчүлөр), орнитология (куштар), ихтиология (балыктар), энтомология (курт-кумурска) ж. б. илимдерге бөлүнөт. О. эле ботаникада альгология – балырлар, микология – козугарындар, бриология – мамыкчөптөр ж-дөгү тармактарга айырмаланат. Жаныбарлардын жүрүм-турумун – этология, тукумкуугучтук ж-а өзгөргүчтүк законченемин – генетика, өөрчүү тарыхын эволюциялык окуу изилдейт. 20-к-да жаңы биол. тармактар ж-а багыттар – радиобиология, космос биологиясы, эмгек физиологиясы ж. б. пайда болду. Азыркы учурда электрондук микроскопия, спектрометриялык, оптикалык, биол. структуралардын рентген анализи ж. б. методдор тиричиликтин негизи болгон клеткалардын белокторун изилдөөгө жетишти. Өсүмдүк, жаныбарлардын физиол. өзгөчөлүктөрүн ж-а генетика, селекция закондорун билүү агротехника м-н зоотехниканы жакшыртуу жогорку түшүмдүү өсүмдүк сортторун, жаныбар породаларын чыгарууга мүмкүндүк берет. Биохим. изилдөөлөр өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан алынган орг. заттарды толук пайдаланууга ж-а аларды лабораторияда ж-а өнөржайда синтездөөгө мүмкүндүк түзөт. Ген. инженериянын өсүшү биол. активдүү ж-а дары заттарынын биотехнологиясына кеңири жол ачты. Оору козгоочу вирустар, бактериялар ж-а мите организмдердин көбөйүү, таралуу законченемин билүү адамдын, жаныбарлардын жугуштуу ж-а мите ооруларына каршы күрөшүүдө чоң мааниге ээ болду.
Ад.: История биологии с древнейших времён до начало XX в. М., 1972; Вилли К., Детье В. Биология / Пер. с англ. М. 1974. Шерматов С. М., Биологиянын негиздери. Б., 2002; Биология. Энциклопедиялык окуу куралы. Б., 2003. Б. Т. Бегалиева.