БИОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИОЛО́ГИЯ''' (''био''... ж-а ...''логия'') – тирүү жара­тылыш | '''БИОЛО́ГИЯ''' (''био''... ж-а ...''логия'') – тирүү жара­тылыш жөнүндөгү илимдер жыйындысы. Биология тири­чиликтин бардык кубулуштарын, организмдин түзүлүшүн ж-а функциясын, таралышын, келип чыгышын, өөрчүшүн, бири-бири м-н жансыз табиятка болгон байланышын изилдейт ж-а үйрөтөт. Биология нын негизги максаты – бул кубулуш­тардын закон ченемин үйрөнүү, тиричиликтин негизин аныктоо, тирүү организмдерди система­га келтирүү, өсүмдүк ж-а жаныбарлар байлы­гын тейлөө, ар түрдүү тиричилик формалары­нын пайда болуу ж-а өөрчүү закон ченемдерин үйрөнүү, жаратылышты адамдын керектөөсүнө жараша өзгөртүү. «Биология» терминин 1802-ж. франсуз илимпозу Ж. Б. Ламарк ж-а немис илимпозу Г. Р. Тревиранус сунуш кылган. Швед биологу Карл Линнейдин «Табият систематикасы» (1735) деген эмгегинде өсүмдүк ж-а жаныбар түрлөрү классификацияланган. 1839-ж. немис илимпо­зу Т. Шванн ''клетка теориясын'' ачкан. Ал орга­низмдин түзүлүшү клеткалардан тургандыгын далилдеген. Ч. ''Дарвин'' «Түрлөрдүн келип чыгы­шы» (1859) аттуу эмгегинде жаныбар м-н өсүмдүк түрүнүн өзгөрүшүн ж-а жаңы түрдүн келип чы­гышын аныктаган. Биологиянын өсүшүнө И. В. ''Мичу­риндин'' окуусу, И. П. ''Павловдун'' жогорку нерв системасынын иши жөнүндүгө эмгектери негиз бол­ду. Тиричиликтин татаал көрүнүштөрү ж-а ку­булуштары ар түрдүү шарттарда биологиянын алдына ар кандай максаттарды коюп, аны жаңы биологиялык объекттерди изилдөөгө түрттү. Табияттагы ти­ричилик жөнүндө илим кеңейип отуруп, анын жаңы тармактарын пайда кылды. Биологияда биринчилер­ден болуп жаныбарлар жүнөндөгү ''зоология'', өсүм­дүктөр жөнүндөгү ''ботаника'', ошондой эле адамдын анато­миясы ж-а физиологиясы бөлүмдөрү пайда бол­гон. Биология изилдөө объектисине карата да бөлүнөт. Микроорганизмдерди ''микробиология'', сууда жашоочу организмдерди ''гидробиология'' изил­дейт. Ар бир организм өзүнө мүнөздүү сырткы түзүлүшү ж-а тиричилигинин ар түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Алардын түзүлүшүн ж-а форма­сын морфология үйрөтсө, функциясынын закон ­ченемин ''физиология'' илими изилдейт. Өсүмдүк морфологиясы – өсүмдүктөрдүн формаларын, пайда болуу процессин, сырткы түзүлүшүн; өсүм­дүктөрдүн анатомиясы – өсүмдүктүн микроскоп­тук ички түзүлүшүн; адамдын ж-а жаныбар анатомиясы – жаныбардын, адамдын түзүлү­шүн, формасын; жаныбардын салыштырма анатомиясы – ар түрдүү типке кирген жаныбар­дын органдар системасын бири бирине салыш­тырып карайт; гистология – жаныбар ж-а адам­дын ткань түзүлүшүн; ''эмбриология'' – түйүл­дүктүн өөрчүшүн; ''цитология'' – жаныбар ж-а өсүмдүктүн клеткасын; палеонтология тукум ку­рут болгон организм ж-а өсүмдүк калдыктарын изилдейт. Зоология өз кезегинде териология (сүт эмүүчүлөр), орнитология (куштар), ихтиология (балыктар), энтомология (курт-кумурска) ж. б. илимдерге бөлүнөт. Ошондой эле ботаникада альголо­гия – балырлар, микология – козу карындар, бри­ология – мамык чөптөр жөнүндөгү тармактарга ай­ырмаланат. Жаныбарлардын жүрүм-турумун – этология, тукум куугучтук ж-а өзгөргүчтүк за­кон ченемин – генетика, өөрчүү тарыхын ''эволю­циялык окуу'' изилдейт. 20-к-да жаңы биологиялык тар­мактар ж-а багыттар – радиобиология, космос биологиясы, эмгек физиологиясы ж. б. пайда болду. Азыркы учурда электрондук микроско­пия, спектрометриялык, оптикалык, биологиялык структуралардын рентген анализи ж. б. метод­дор тиричиликтин негизи болгон клеткалардын белокторун изилдөөгө жетишти. Өсүмдүк, жа­ныбарлардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүн ж-а ге­нетика, селекция закондорун билүү агротехни­ка м-н зоотехниканы жакшыртуу жогорку түшүмдүү өсүмдүк сортторун, жаныбар порода­ларын чыгарууга мүмкүндүк берет. Биохимиялык изилдөөлөр өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан алынган органикалык заттарды толук пайдаланууга ж-а аларды лабораторияда ж-а өнөр жайда син­тездөөгө мүмкүндүк түзөт. Гендик инженериянын өсүшү биологиялык активдүү ж-а дары заттарынын био­технологиясына кеңири жол ачты. Оору козго­очу вирустар, бактериялар ж-а мите организм­дердин көбөйүү, таралуу закон ченемин билүү адамдын, жаныбарлардын жугуштуу ж-а мите ооруларына каршы күрөшүүдө чоң мааниге ээ болду. | ||
чыгышын, өөрчүшүн, бири-бири м-н жансыз | |||
табиятка болгон байланышын изилдейт ж-а | |||
үйрөтөт. | |||
үйрөнүү, жаратылышты адамдын керектөөсүнө жараша өзгөртүү. | |||
өсүмдүктүн клеткасын; палеонтология | |||
өсүшү | |||
Ад.: История биологии с древнейших времён до начало XX в. М., 1972; ''Вилли К., Детье В.'' Биология | Ад.: История биологии с древнейших времён до начало XX в. М., 1972; ''Вилли К., Детье В.'' Биология / Пер. с англ. М. 1974. ''Шерматов С. М''., Биологиянын негиздери. Б., 2002; Биология. Энциклопедиялык окуу куралы. Б., 2003. | ||
/ Пер. с англ. М. 1974. ''Шерматов С. М''., Биологиянын | |||
негиздери. Б., 2002; Биология. Энциклопедиялык окуу куралы. Б., 2003. | |||
''Б. Т. Бегалиева. '' | |||
''[[Category: 2-том, 146-225 бб]]'' |
06:02, 5 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
БИОЛО́ГИЯ (био... ж-а ...логия) – тирүү жаратылыш жөнүндөгү илимдер жыйындысы. Биология тиричиликтин бардык кубулуштарын, организмдин түзүлүшүн ж-а функциясын, таралышын, келип чыгышын, өөрчүшүн, бири-бири м-н жансыз табиятка болгон байланышын изилдейт ж-а үйрөтөт. Биология нын негизги максаты – бул кубулуштардын закон ченемин үйрөнүү, тиричиликтин негизин аныктоо, тирүү организмдерди системага келтирүү, өсүмдүк ж-а жаныбарлар байлыгын тейлөө, ар түрдүү тиричилик формаларынын пайда болуу ж-а өөрчүү закон ченемдерин үйрөнүү, жаратылышты адамдын керектөөсүнө жараша өзгөртүү. «Биология» терминин 1802-ж. франсуз илимпозу Ж. Б. Ламарк ж-а немис илимпозу Г. Р. Тревиранус сунуш кылган. Швед биологу Карл Линнейдин «Табият систематикасы» (1735) деген эмгегинде өсүмдүк ж-а жаныбар түрлөрү классификацияланган. 1839-ж. немис илимпозу Т. Шванн клетка теориясын ачкан. Ал организмдин түзүлүшү клеткалардан тургандыгын далилдеген. Ч. Дарвин «Түрлөрдүн келип чыгышы» (1859) аттуу эмгегинде жаныбар м-н өсүмдүк түрүнүн өзгөрүшүн ж-а жаңы түрдүн келип чыгышын аныктаган. Биологиянын өсүшүнө И. В. Мичуриндин окуусу, И. П. Павловдун жогорку нерв системасынын иши жөнүндүгө эмгектери негиз болду. Тиричиликтин татаал көрүнүштөрү ж-а кубулуштары ар түрдүү шарттарда биологиянын алдына ар кандай максаттарды коюп, аны жаңы биологиялык объекттерди изилдөөгө түрттү. Табияттагы тиричилик жөнүндө илим кеңейип отуруп, анын жаңы тармактарын пайда кылды. Биологияда биринчилерден болуп жаныбарлар жүнөндөгү зоология, өсүмдүктөр жөнүндөгү ботаника, ошондой эле адамдын анатомиясы ж-а физиологиясы бөлүмдөрү пайда болгон. Биология изилдөө объектисине карата да бөлүнөт. Микроорганизмдерди микробиология, сууда жашоочу организмдерди гидробиология изилдейт. Ар бир организм өзүнө мүнөздүү сырткы түзүлүшү ж-а тиричилигинин ар түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Алардын түзүлүшүн ж-а формасын морфология үйрөтсө, функциясынын закон ченемин физиология илими изилдейт. Өсүмдүк морфологиясы – өсүмдүктөрдүн формаларын, пайда болуу процессин, сырткы түзүлүшүн; өсүмдүктөрдүн анатомиясы – өсүмдүктүн микроскоптук ички түзүлүшүн; адамдын ж-а жаныбар анатомиясы – жаныбардын, адамдын түзүлүшүн, формасын; жаныбардын салыштырма анатомиясы – ар түрдүү типке кирген жаныбардын органдар системасын бири бирине салыштырып карайт; гистология – жаныбар ж-а адамдын ткань түзүлүшүн; эмбриология – түйүлдүктүн өөрчүшүн; цитология – жаныбар ж-а өсүмдүктүн клеткасын; палеонтология тукум курут болгон организм ж-а өсүмдүк калдыктарын изилдейт. Зоология өз кезегинде териология (сүт эмүүчүлөр), орнитология (куштар), ихтиология (балыктар), энтомология (курт-кумурска) ж. б. илимдерге бөлүнөт. Ошондой эле ботаникада альгология – балырлар, микология – козу карындар, бриология – мамык чөптөр жөнүндөгү тармактарга айырмаланат. Жаныбарлардын жүрүм-турумун – этология, тукум куугучтук ж-а өзгөргүчтүк закон ченемин – генетика, өөрчүү тарыхын эволюциялык окуу изилдейт. 20-к-да жаңы биологиялык тармактар ж-а багыттар – радиобиология, космос биологиясы, эмгек физиологиясы ж. б. пайда болду. Азыркы учурда электрондук микроскопия, спектрометриялык, оптикалык, биологиялык структуралардын рентген анализи ж. б. методдор тиричиликтин негизи болгон клеткалардын белокторун изилдөөгө жетишти. Өсүмдүк, жаныбарлардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүн ж-а генетика, селекция закондорун билүү агротехника м-н зоотехниканы жакшыртуу жогорку түшүмдүү өсүмдүк сортторун, жаныбар породаларын чыгарууга мүмкүндүк берет. Биохимиялык изилдөөлөр өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан алынган органикалык заттарды толук пайдаланууга ж-а аларды лабораторияда ж-а өнөр жайда синтездөөгө мүмкүндүк түзөт. Гендик инженериянын өсүшү биологиялык активдүү ж-а дары заттарынын биотехнологиясына кеңири жол ачты. Оору козгоочу вирустар, бактериялар ж-а мите организмдердин көбөйүү, таралуу закон ченемин билүү адамдын, жаныбарлардын жугуштуу ж-а мите ооруларына каршы күрөшүүдө чоң мааниге ээ болду.
Ад.: История биологии с древнейших времён до начало XX в. М., 1972; Вилли К., Детье В. Биология / Пер. с англ. М. 1974. Шерматов С. М., Биологиянын негиздери. Б., 2002; Биология. Энциклопедиялык окуу куралы. Б., 2003.
Б. Т. Бегалиева.
'