БИОЛОГИЯЛЫК МЕМБРАНАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БИОЛОГИЯЛЫК МЕМБРАНАЛАР – клетка­нын, анын ичиндеги бүртүкчө, каналча, ыйлаак­чалардын беттерин каптап турган эң жука түзү­лүштөр. Анын калыңдыгы 100 Еден ашпайт, көбүнчө 3 (ортоңку, биомол. липиддик ж-а бе­локтук) катмардан турат. Анын кээ биринде липид ж-а белок хим. байланышта болгон бир аз углевод бар. Ал мембрананын сырткы бетин­де жайгашкан. Клеткадагы зат алмашуу, зат­тарды бир жерден экинчи жерге ташуу, энергия­нын бир түрүн экинчи түрүнө айландыруу, нерв импульстарын пайда кылуу, фагоцитоз ж-а пино­цитоз Б. м-дын катышуусу м-н гана ишке ашат.