БИОЛОКАЦИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БИОЛОКА́ЦИЯ (био... ж-а лат. loso – жайгаштыруу) – тирүү организмдердин өзүнүн же кандайдыр бир нерсенин мейкиндиктеги ордун физ. толкундар (электр-магниттик, үн, жылуулук) аркылуу аныктоо жөндөмдүүлүгү. Б. сүтэмүүчүлөр, куштар, көпчүлүк балыктарга ж.б-ларга мүнөздү. Алар Күн, Жылдыз, Жердин магнит талаасы ж. б. табигый факторлор аркылуу да багытын аныкташат. Мис., жарганаттар ультраүн толкундары, ал эми деңиз ташбакалары геомагниттик талаадан берилүүчү сигналдарды туюу аркылуу багытын жакшы табат. Б. м-н бионавигация (жаныбарлардын өзүлөрү жашаган аймагында жыл мезгилдерине, миграциясына ж-а көбөйүшүнө байланыштуу багыт алышы) тыгыз байланышта. Б. Үсөнканов.