БЕЛАРУССИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕЛАРУ́ССИЯ''' (Беларусь), Б е л а р у с ь Р е с­п у б л и к а с ы (Рэспублiка Беларусь) – Чы­гыш Европадагы мамлекет. | '''БЕЛАРУ́ССИЯ''' (Беларусь), Б е л а р у с ь Р е с ­п у б л и к а с ы (Рэспублiка Беларусь) – Чы­гыш Европадагы мамлекет. Түндүк-батышынан Литва ж-а Латвия, чыгышынан Россия, түштү­гүнөн Украина, батышынан Польша м-н чекте­шет. Аянты 207,6 миң ''км''<sup>2</sup>. Калкы 9,8 млн. (2004). Мамл. тили – беларусь ж-а орус тилде­ри. Борбору – Минск ш. (облус статусуна ээ). Адм. айм. жактан 6 облуска бөлүнөт. | ||
[[File:БЕЛАРУССИЯ24.png | thumb | none]] | [[File:БЕЛАРУССИЯ24.png | thumb | none]] | ||
Акча бир­диги – беларусь рубли. Б. – БУУнун, ЮНЕСКО- | Акча бир­диги – беларусь рубли. Б. – БУУнун, ЮНЕСКО- |
09:52, 21 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕЛАРУ́ССИЯ (Беларусь), Б е л а р у с ь Р е с п у б л и к а с ы (Рэспублiка Беларусь) – Чыгыш Европадагы мамлекет. Түндүк-батышынан Литва ж-а Латвия, чыгышынан Россия, түштүгүнөн Украина, батышынан Польша м-н чектешет. Аянты 207,6 миң км2. Калкы 9,8 млн. (2004). Мамл. тили – беларусь ж-а орус тилдери. Борбору – Минск ш. (облус статусуна ээ). Адм. айм. жактан 6 облуска бөлүнөт.

Акча бирдиги – беларусь рубли. Б. – БУУнун, ЮНЕСКО- нун, Европа Кеңешинин, КМШнын, ЕККУнун, Эларалык эмгекти бөлүштүрүү, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдарынын, Эларалык валюта фондунун мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
. Б. – унитардык мамлекет. Конституциясы 15.3.1994-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент (5 жылга шайланат). Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу Улуттук Жыйналыш (Республика Совети ж-а Өкүлдөр палатасы). Саясий партиялары: Агрардык партия, либералдык-демокр. партиясы, Б. элдик фронт партиясы, Б. коммунистер партиясы ж. б.
Табияты
. Жеринин бетин ортобийиктиктеги (150–200 м) ж-а ойдуңдуу (100–150 м) түздүктөр ээлейт. Байыркы муз каптоо доорунун издери байкалат. Түн.-батышын Балтика жалчасынын бир бөлүгү болгон морена жалчаларынын системасы (Свенцян, Браслав ж-а Освей) ээлейт.

Ортоңку бөлүгүндө батыштан чыгышка Беларусь жалчасы (Беларуссиянын эң бийик жери, 345 м Дзержинский тоосу) созулуп жатат. Жалчадан түш.-чыгышка карай мөңгүнүн таасиринен пайда болгон түздүктөр тилкеси (Борб. Березина ж. б.), түштүгүндө Беларусь Полесьеси жайгашкан. Б. аймагы байыркы Чыгыш-Европа платформасынын батыш бөлүгүндө жатат. Негизги кенбайлыктары – калий ж-а таш тузу (Старобинск, Петриковск ж. б.), нефть (Речицкое, Вишанское, Осташковское ж. б.), чымкөң табигый курулуш материалдары (мергель, бор, айнек куму, шагыл ж. б.) казылып алынат. Темир, фосфорит, күрөңкөмүр, сапропел ж-а минералдык суулар да бар. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. темп-расы түш.-батышында –4,5°Сден, түн.-чыгышында –8, 4°Сге
чейин, июлдуку түндүгүндө 17,2°Сден, түштүгүндө 19,2°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 650 ммден (түн-чыгышында) 750 ммге чейин (борб. бөлүгүндө). Башкы дарыялары: Днепр (куймалары – Березина, Припять, Сож м-н), Батыш Двина, Неман (куймасы Вилия м-н), Буг; көл-

дөрү (Нарочь, Освей, Лукомль, Дривяты ж. б.) көп. Б-да 150дөн ашык суусактагычтары бар. Ирилери: Вилия, Заславск ж. б. Чымдак-күл
топурак басымдуу. Табигый ландшафтынын 1/ 2 бөлүгү а. ч. жерлери ээлейт. Жеринин 35% токой. Б. токоюнда сейрек кездешүүчү агыш көккарагай, сары рододендрон, көлмө жээктеринде суу жаңгагы өсөт. Б. аймагында жалпы аянты 864,2 миң га болгон 57 кайтарылуучу жаратылыш аймагы, а. и. Березина биосфералык корук, Полесия радиационно-экологиялык корук, Браслави я к өл ү ж-а Бел овежа чер т ок ою нун (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген) бир бөлүгү бар. Б-нын аймагынын 1/4
4
бөлүгү 1986-жылкы Чернобыль авариясынан кийинки радиоактивдүү зонада жатат.

Калкынын
81,2% – беларустар, 11,4% – орустар, о. эле поляк, украин, еврейлер ж. б. улут
өкүлдөрү да жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 47 киши. Христиан динин (80% православиелер, 15% католиктер) тутат. Калкынын жашы-

нын орт. узактыгы эркектериники – 62,7; аялдарыныкы – 74,7 жаш. Шаар калкы – 71,5%. Ири шаарлары: Гомель, Витебск, Могилёв, Гродно, Брест, Бобруйск, Борисов.
Тарыхы
. Б.-нын аймагында алгачкы адамдар жогорку палеолитте жашаган. Неолит доорунда адамдар эгин айдап, мал багууну үйрөнгөн. Б. з. ч. 7-к-да Б-нын аймагында жашаган уруулар темирден курал жасай башташкан. Б. з. 2– 5-к-да бул жерге Днепр боюнан славян уруулары келе баштап, Б. аймагын мекендеп калышкан. Днепр м-н Двина д-нын баш жагында кривич, Полесье м-н Ортоңку Б-нын бир бөлүгүндө дрегович, Сож алабында радимич уруулары турган. Бул уруулар б. з. 5-к-нан тартып жер айдап, дыйканчылык кылган, мал асыраган, балык, аң уулаган. Алар 9-к-га чейин түн.-батышта жашаган балтикалык урууларды ассимиляциялап алышат. 6–8-к. Б-ны мекендеген чыгыш славяндарда уруу союздарынын ордуна княздыктар түзүлүп, колөнөрчүлүк өнүгөт, соода-сатык кеңейип, шаарлар пайда болот. 9–11-к-да. Б. жери Киев Русунун курамына кирет. Бул мезгилде Полоцк, Витебск, Минск сыяктуу ири шаарлар пайда болот. Польша, Швеция ж. б. чет жерлер м-н да соода жүргүзүлөт. Байыркы орус мамлекетинин феод. бытыроо процессинде (11–12-к.) Полоцк, Туров, Смоленск княздыктары бөлүнүп чыгат, кийин алар да өзара майда княздыктарга ажырап кетет. 13–14-к. Б. жери Литва улуу княздыгынын курамына кирип калат. Бытырандылыктан ж-а Байыркы орус мамлекетинен оолактап калгандыктан Рустун батыш бөлүгүндөгү калкта өзүнчө тил, мад-т, үрп-адат пайда болот. Беларус эли калыптана баштайт. Кийинчерээк Байыркы орус мамлекетинин батыш тарабындагы жерлер «Белая Русь» деп аталып калат. 13–15-к. беларус эли, литва, поляк, орус элдери м-н бирге немис рыцарларына каршы күрөшкөн. Немис рыцарларынын Тевтон орденин талкалоодо Грюнвальд салгылашуусу (1410) чечүүчү мааниге ээ болгон. Немис ордендеринин бийлигинин бошоңдошу Б-га Батыш Европа м-н соода кылууга мүмкүнчүлүк берген. Б. шаарларынын экон. маанисинин өсүшү ж-а шаардыктардын өз укуктары үчүн дайыма жүргүзгөн күрөшүнөн улам 14-к-дын аягында Улуу князь 40тан ашык шаарга «магдебург укугу» деп аталган өзүн өзү башкаруу укугун берүүгө мажбур болот. 15–16-к. шаарларда колөнөрчүлүк уюмдары түзүлөт. 16-к-да беларустардын эл болуп калыптануусу аяктайт. 1569-ж. Люблин униясынын шарты б-ча Литва улуу княздыгы м-н Польша биригип, Речь Посполита мамлекети түзүлүп, Б. анын курамына кирген. 1590–1663-ж. аралыгында беларустар поляктарга каршы күрөшө баштаган. Алар 1648-ж. Б. Хмельницкий жетекчилик кылган украиндердин боштондук согушун активдүү колдойт. Россия-Польша согушунда (1654–67) беларус эли орус аскерлерине жардам көрсөтөт. Согуш, ачарчылык ж-а эпидемия Б-нын экономикасын абдан бүлүнтөт, калкынын тең жарымы дээрлик азаят. Түндүк согушу (1700–21) өлкөнүн экономикасын ого бетер жакырлантат. Речь Посполитаны 1772-, 1773-, 1795-ж-дагы бөлүштүрүүлөрдө Б. Россия империясынын курамына кирет. 19-к-дын 2-жарымында беларус эли улут болуп түзүлгөн. Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде Б. аймагы бүлгүнгө учураган. 1917-ж. январдагы төңкөрүштөн соң, уюшулган Беларус радасы өзалдынча мамлекет түзүү үчүн күрөш жүргүзгөн. Алар 1918-ж. 19–20-январда поляк легиондорунун корпусу м-н биригип, Минск ш-н басып алып, Беларус Эл Респ. түзүлгөн. 1919-ж. бул өкмөт кызыл аскерлер тарабынан талкаланган ж-а 1919-ж. Беларус Сов. Соц. Респ. (БССР) түзүлгөндүгү жарыяланган. 1921-ж. Сов. Россия м-н Польшанын ортосунда түзүлгөн Рига тынчтык келишиминин шарты б-ча Батыш Беларуссия Польшанын карамагында калган. 1922-ж. 30-декабрда БССР СССРдин курамына кирген. 1939-ж. БССР Батыш Б. м-н кошулуп, аймагы кеңейген. Батыш Б-дагы поляктар Польшага көчүрүлгөн. Беларус эли Улуу Ата Мекендик согуштун (1941– 45) мезгилинде эң оор сыноону башынан өткөрдү. Согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып Б. салгылашуунун зор майданына айланды. 1944-ж. 24-июнда Лабейка кыш-н бошотууда кыргыз жоокери Ж. Асаналиев баатырларча курман болгон. Аймак баскынчылардан 1944-ж. июлда толук бошотулган. Бул согушта беларус эли 2 225 миң кишисинен ажыраган, 300 миңге жакын кишиси Германияга айдалган, 692 кыштак эли м-н жок кылынган, 209 шаар ж-а райондук борбор, 9200 кыштак, 1,5 млн имарат талкаланган. 1945-жылдан БУУнун Башкы Ассамблея-


сына мүчө. 1950-жылга чейин бардык респлардын жардамы аркасында толук калыбына келтирилген. 1986-ж. Чернобыль АЭСиндеги болгон авария Б-нын бай түш. райондоруна чоң зыян келтирген. 1990-ж. июлда респ-нын Жогорку Совети БССРдин Суверендүүлүгү ж-дө декларация, 1991-ж. 8-декабрда Беловежа макулдашуусунун чечимине ылайык, СССР таркатылган соң июлда Көзкарандыэместик ж-дө декларация кабыл алган. 1994-ж. суверендүү өлкөнүн алгачкы президенти болуп А. Г. Лукашенко шайланган. 2006-жылкы шайлоодо ал дагы бир ирет жеңишке жетишти.
Экономикасы
. Ички дүң продукциясынын көлөмү 70,5 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 6800 доллардан (АКШ) туура келет. Ички дүң продукциясындагы өнөржайдын үлүшү 26,8%, а. ч-ныкы 8,9%. 2004-ж. 31,2 млрд кВт · с электр энергиясы өндүрүлгөн. Негизги өнөржай тармактары: трактор кураштыруу, автомобиль, станок, а. ч. машиналарын, прибор куруу, радиоэлектроника, жеңил, электр-тех., хим., нефть-хим. (калий, фосфор, азот жерсемирткичтери, синтетикалык ж-а жасалма була), нефть ажыратуу. Отун-энергетикалык запасы ченелүү. 2003-ж. 1,8 млн т нефть казып алынган. Машина куруу комплекси чоң жүк ташуучу автомобилдерди, трактор ж-а а. ч. машиналарын курууга адистешкен. Токой, жыгаччылык ж-а целлюлоза-кагаз өнөржайы жерг. ресурсу м-н иштейт. Жыгач иштетүү, фанера, ширеңке, картон, эмерек, целлюлоза-кагаз өнөржайлары жакшы өнүккөн. Жеңил өнөржайы – торкийим тигүү, бут кийим, тери ж-а булгаары; тамак-аш өнөржайы – эт, сүт, май, макарон, нан, кондитер ж. б. продукцияларды чыгарат. Эт ж-а сүт багытындагы мал чарба-

чылыгы бар. Чочко асыралып, үй кушу багылат. А. ч-на жарактуу жер 9,11 млн га, айдоо аянты 6,1 млн га, а. и. 43% – дан эгиндери (сулу, буудай, арпа, карабуудай, каракүрүч), канткызылча, кендир, жашылча-жемиш айдалат. Темиржолунун уз. 5,5 миң км, автомобиль жолунуку – 81,2 миң км (а. и. 70,2 миң кми асфальтталган). Б-нын аймагы аркылуу мамлекет аралык мааниге ээ Париж – Брюссель – Минск – Москва; Санкт-Петербург – Витебск – Гомель – Киев – Одесса; Таллин – Рига – Вильнюс – Минск – Гомель – Киев магистралдары өтөт. Куур транспорту да өнүккөн. Днепр-Буг

каналында, Припять, Днепр, Сож, Березина д-нда кеме жүрөт. Сыртка трактор, автомобиль, хим. продукцияларын ж-а азык-түлүк чыгарат. Сырттан өнөржай ж-а азык-түлүк сырьёлорун алат. Негизги соода шериктештери: Россия, Украина, Германия, Литва, КМШ өлкөлөрү.
Маданияты
. Б-да 11–12-к-да билим берүүнү чиркөө мектептери жүргүзгөн. 12-к-да Евфросиния Полоцкая өз монастырында окутуп, окуучуларга китеп көчүртүү м-н алектенген. О. эле Б-нын аймагында көптөгөн протестант мектептери, басмаканалар ачылып, беларус тилинде алгачкы окуу китептер пайда болгон. 16–17-кда ариан мектептери түзүлүп, анда католик динине каршы күрөш жүргүзүшкөн. 18–к-дын аягында Б. Россияга кошулуп, орус эли м-н беларустардын карым-катнашы күчөп, 20дан ашык орус мектептери (а. и. 2 негизги, 6 элдик кичи орто окуу жайлары) шаардыктар үчүн ачылган. Бирок, билим берүү өтө төмөнкү деңгээлде жүргүзүлгөн. Беларустар өз эне тилинде билим ала алышкан эмес. Көптөгөн мектептерде окуу поляк тилинде жүргүзүлүп, карапайым калктын балдары үчүн эшик жабык болгон. 19-к-дын 2-жарымында гана монастырлардагы диний мектептер жабыла баштаган. 1840-ж. а. ч. окуу жайы уюшулуп, кийинчерээк академия болгон. 1919-ж. кечки мектептер ачылып, сабатсыздыкты жоюу жалпы жүргүзүлгөн. 1921-ж. ун-т (Минск), мад-т ин-ту (1922), ИА (1929), саз ил.-из. ин-ту, о. эле тажрыйба станциялары уюшулган. 16-к-да китеп басып чыгарууну Скорина негиздеген. Ал Библия, Псалтырь ж. б. китептерди беларус тилине которуп, Прагадан чыгарган (1517–20). 1932-жылдан 7 жылдык


билим алуу (батыш облустарында 1940-жылдан) киргизилген. Б-нын билим берүү системасы – мектепке чейинки мекемелер (балабакча ж. б.), башталгыч ж-а жалпы билим берүү, орто ж-а ЖОЖдон турат. Б-да радио уктуруу 1925-жылдан уктурулса, телекөрсөтүү 1956-жылдан көрсөтүлөт. Гомелде, Брест, Витебск, Гродно ш-нда телестудиялар иштейт. Беларус ад-ты элдин бай оозеки чыгармаларынан, ал орус, украин, беларустарга жалпы мурас болуп саналган Киев Русу доорунун ад-тынан башталат. Б-нын белгилүү жазуучулары: М. Танк, Ф. Пестрак, В. Тавлай, М. Машара, Я. Купала, Я. Колас, К. Чорный, М. Чарот, П. Панченко, А. Кулешов, П. Глебко, К. Киркенко ж. б. Б-да азыркыга чейин София собору (1044–66, Полоцк), Спас-Ефросиния (Полоцк) чиркөөсү, Киев Русу мезгилиндеги арх-ра эстеликтери сакталган. Феодализм доорунда крепостной ж-а дворецтик-замоктук арх-ра өнүккөн. Каменец мунарасы (Белая Вежа, 1276) ж-а Новогрудок, Лидадагы чептер, замоктор ж. б. 19-к-дын 1-жарымында Б-нын арх-расы орус классицизминин таасиринде өнүккөн. 1934-ж. Архитекторлор союзу түзүлгөн. Б-нын муз. фольклорунда обондуу лирикалык ырлар басымдуу. Б-нын бийлери, күүлөрүнүн мүнөздүү өзгөчөлүгү – шайырлыгы, темпинин тездиги м-н айырмаланат. Белгилүү бийлери: «Лявониха», «Бульба», «Янка», «Метелица». Салттуу муз. аспаптары: цимбал, алгачкы скрипка, жалейка, сурнай ж. б. «Селолук идиллия» деген операсы Минскиде 1852-ж. коюлган (музыкасы С. Монюшко, текстин В. Дунин-Марцинкевич жазган). Консерватория, опера ж-а балет театры, филармония (симф. оркестри м-н) уюшулган. Б-нын акад. хор капелласы, мамл. эл хору, мамл. бий ансамбли түзүлгөн. Б-нын атактуу композиторлору: Н. Чуркин, Н. Соколовский, В. Оловников, Д. Каменский, П. Подковыров, Д. Абелсович, И. Лученок. Вокал өнөр
чеберлери: Л. Александровская, И. Болотин, М. Денисов, Р. Млодек, Т. Нижникова, Н. Ворвулев, З. Бабий ж. б. Театр өнөрү негизинен байыркы каада-салттан ж-а элдик оюндардан башталат. 16-к-дан элдик театрдын кеңири таралган түрү – «батлейка» (куурчак театры) болгон. 19-к-дын орто ченинде драматург В. И. Дунин- Марцинкович 1-театрын түзгөн. Б-нын улуттук театрын түзүүдө Я. Купала м-н Я. Коластын драматургиясы зор роль ойногон. 2-драма театры 1926-ж. Витебскиде ачылган. 1946-жылдан «Беларусьфильм» киностудиясы иштейт. 1926-ж. «Токой окуясы» (реж. Ю. Тарич) деген 1-көркөм фильм тартылган. Сүрөт музейи XVIII–XX к-дагы (орус сүрөтчүлөрүнүн бай коллекциясы), жыгачтан жасалган айкелдер, бир нече сүрөт гал. бар. Минск ш-на жакын Раубичи спорт комплекси уюшулган.
Ад.: Белоруссия //Страны и народы мира. М., 1984. Т. 7.2; Даринский А. В. Белоруссия// География стран ближнего зарубежья. М., 1997; Слюнькова И. Н. Монастыри восточной и западной традиций: Наследие архитектуры Беларуси. М., 2002; [Музыкальная культура Белоруссии]// История музыки народов СССР. М., 1970–1997; История белорусского кино. Минск, 1969–1970. [Т. 1–2].