ГРАНИТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
vol2_>KadyrM
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ГРАНИ&#769;Т ''' (итал. granito – данекче, лат. Granum – бүртүкчө) – кремний кычкылына бай ''магма тоо теги''. Жер кыртышында кеӊири тараган. Г. 30–40% калий талаа шпаты (ортоклаз, микроклин), 10–20% кычкыл плагиоклаз (альбит, олигоклаз), 25–30% кварц, о. эле слюдалар (биотит же мусковит), амфибол, сейрек учурда пироксен минералдарынан турат. Г. – толук кристаллдашкан, кээде порфирит структуралуу тоо тек. Өӊү боз, саргыч, бозомтук кызгылт, кызыл. Тыгыздыгы 2,6 ''г/см''<sup>3</sup>, кысууга чыдамдуулугу 300 ''МПа. Батолит, лакколит, шток, тарам'' ж. б. түрүндө башка тоо тектердин арасында жатат. Геол. жашы б-ча табиятта архейден тартып кайнозойго чейинки Г. ''интрузиялары'' болот. Кырг-ндын көп жеринде бар. Г. м-н калай, вольфрам, молибден, коргошун, цинк ж. б. көптөгөн металлдардын кендери байланыштуу. Г. – баалуу курулуш материалы. Анын кээ бир түрлөрү – жогорку сапаттары карапа сырьёсунун (талаа шпатынын) ж-а слюданын (мусковиттин) кени. О. эле скульптурада, жасалга иск-восунда, курулушта каптоочу материал катары ж. б-да кеӊири пайдаланылат. Бишкек ш-ндагы М. В. Фрунзе, Зууракан Кайназарова, Тоголок Молдо, Токтогул, Аалы Токомбаев ж. б. белгилүү адамдардын эстеликтери Г-тен тургузулган.

[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГРАНИ́Т (итал. granito – данекче, лат. Granum – бүртүкчө) – кремний кычкылына бай магма тоо теги. Жер кыртышында кеӊири тараган. Г. 30–40% калий талаа шпаты (ортоклаз, микроклин), 10–20% кычкыл плагиоклаз (альбит, олигоклаз), 25–30% кварц, о. эле слюдалар (биотит же мусковит), амфибол, сейрек учурда пироксен минералдарынан турат. Г. – толук кристаллдашкан, кээде порфирит структуралуу тоо тек. Өӊү боз, саргыч, бозомтук кызгылт, кызыл. Тыгыздыгы 2,6 г/см3, кысууга чыдамдуулугу 300 МПа. Батолит, лакколит, шток, тарам ж. б. түрүндө башка тоо тектердин арасында жатат. Геол. жашы б-ча табиятта архейден тартып кайнозойго чейинки Г. интрузиялары болот. Кырг-ндын көп жеринде бар. Г. м-н калай, вольфрам, молибден, коргошун, цинк ж. б. көптөгөн металлдардын кендери байланыштуу. Г. – баалуу курулуш материалы. Анын кээ бир түрлөрү – жогорку сапаттары карапа сырьёсунун (талаа шпатынын) ж-а слюданын (мусковиттин) кени. О. эле скульптурада, жасалга иск-восунда, курулушта каптоочу материал катары ж. б-да кеӊири пайдаланылат. Бишкек ш-ндагы М. В. Фрунзе, Зууракан Кайназарова, Тоголок Молдо, Токтогул, Аалы Токомбаев ж. б. белгилүү адамдардын эстеликтери Г-тен тургузулган.