БЕЙШЕНАЛИЕВА Бүбүсара: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БЕЙШЕНАЛИЕВА''' '''Бүбүсара''' (17. 5. 1926, Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Дөбө кыштагы – 10. 5. 1973, Фрунзе) – атактуу балерина, кыргыз хорео­графиясын негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз ССР эл артисти (1954), СССР эл артисти (1958). 1936–41-жылдарда Ленин­град хореография окуу жа­йында окуган.  
'''БЕЙШЕНАЛИЕВА''' '''Бүбүсара''' (17. 5. 1926, Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Дөбө кыштагы – 10. 5. 1973, Фрунзе) – атактуу балерина, кыргыз хорео­графиясын негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз ССР эл артисти (1954), СССР эл артисти (1958). 1936–1941-жылдарда Ленин­град хореография окуу жа­йында окуган.  
[[File:БЕЙШЕНАЛИЕВА8.png | thumb | none]]
[[File:БЕЙШЕНАЛИЕВА8.png | thumb | none]]
1948–49-жылдарда ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айты­луу балет педагогу А. В. Ва­гановадан таалим алган. Бейшеналиева 13 жашында кыргыз искусст­восунун Москвада өткөн 1- он күндүгүндө (1939) бийлеп  
1948–1949-жылдарда ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айты­луу балет педагогу А. В. Ва­гановадан таалим алган. Бейшеналиева 13 жашында кыргыз искусст­восунун Москвада өткөн 1- он күндүгүндө (1939) бийлеп  
[[File:БЕЙШЕНАЛИЕВА9.png | thumb | М. Раухвергер. «Чол­пон» балетинде. Бү­бүсара Бейшеналие­ва Айдайдын ро­лунда.]] чыккан. 1941-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера ж-а балет театрынын солисти (1946-жылдан баш­кы солист). 1949-жылдан Фрунзе хореография окуу жайында педагогдук кесипте эмгектенген. Сахнада туңгуч ирет В. Власов м-н В. Ференин
[[File:БЕЙШЕНАЛИЕВА9.png | thumb | М. Раухвергер. «Чол­пон» балетинде. Бү­бүсара Бейшеналие­ва Айдайдын ро­лунда.]] чыккан. 1941-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти (1946-жылдан баш­кы солист). 1949-жылдан Фрунзе хореография окуу жайында педагогдук кесипте эмгектенген. Сахнада туңгуч ирет В. Власов менен В. Ференин «Селкинчек» (1943, балетмейстер Л. М. Крама­ревский) балетинде Зайнуранын ролун аткаруу менен кесипкөй чеберчилиги бар экенин көрсөткөн.  
«Селкинчек» (1943, балетмейстер Л. М. Крама­ревский) балетинде Зайнуранын ролун аткаруу м-н профессионалдык чеберчилиги бар экенин көрсөткөн. Бейшеналиеванын күчтүү хореографиялык таланты «Чолпон» (композитор М. Раухвергер, балетмейстер Л.М. Крамаревский) балетинде ачык-айкын көрүнгөн. Кийинки аткарган негизги ролдору:  
Бейшеналиеванын күчтүү хореографиялык таланты «Чолпон» (композитор М. Раухвергер, балетмейстер Л.М. Крамаревский) балетинде ачык-айкын көрүнгөн. Кийинки аткарган негизги ролдору:  
[[File:БЕЙШЕНАЛИЕВА10.png | thumb | none]] Л. Минкус , «Дон Кихот» балетинде Бүбүсара Бейше­налиева – Китри, У. Сарбагышев – Базиль. Мария, Зарема (Б. Асафьев, «Бахчисарай фон­таны», 1949), Одетта – Одиллия (П. Чайков­ский, «Ак куу көлү», 1950), Тао Хоа (Глиэр, «Кы­зыл гүл»), Каарман кыз (С. Рахманинов, «Жаз келатат», 1953), Айдай (М. Раухвергер, «Чол­пон», 1953, 1958), Сайра (В. Власов, В. Фере,
[[File:БЕЙШЕНАЛИЕВА10.png | thumb | none]] Л. Минкус , «Дон Кихот» балетинде Бүбүсара Бейше­налиева – Китри, У. Сарбагышев – Базиль. Мария, Зарема (Б. Асафьев, «Бахчисарай фон­таны», 1949), Одетта – Одиллия (П. Чайков­ский, «Ак куу көлү», 1950), Тао Хоа (Глиэр, «Кы­зыл гүл»), Каарман кыз (С. Рахманинов, «Жаз келатат», 1953), Айдай (М. Раухвергер, «Чол­пон», 1953, 1958), Сайра (В. Власов, В. Фере, «Ала-Тоо жазы», 1955), Аврора (П. Чайковский, «Уйкудагы сулуу», 1956), Зейнеп (К. Молдо­басанов, Т. Окунев, «Куйручук», 1960), Фанни (И. Штраус, «Чоң вальс», 1961), Жульетта (С. Прокофьев, «Ромео жана Жульетта», 1962), Сильфида (Ф. Шопен, «Шопениана», 1966), Китри (Л. Минкус, «Дон Кихот», 1967), Асел (В. Власов, «Асел», 1967), Солистка (М. Равель, «Болеро», 1970) ж. б. Бейшеналиева  улуттук жана классика­лык балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдардын бүтүндөй бир галереясын жараткан. Ал кыргыз кесиптик хореография өнө­рүнүн калыптанышына жана азыркы деңгээлге көтөрүлүшүнө зор залым кошкон, жеке өзүнө тиешелүү аткаруучулук салттарын мураска кал­тырган. Бейшеналиева  чыгармачылыгы телегейи текши өнүккөн балериналардын тобуна кошулат. Анын бийчи­лик өнөрү үчүн тубаса көрктүү келбетин, назик­тик менен кайраттуулуктун, кыймылдын таамай­лыгы менен эмоциялуулугунун айкалышы мүнөз­дүү. Артисттин ар бир аткарган ролу сулуу­луктун, назиктиктин, шаттыктын жаркын май­рамына айланган. Бейшеналиева  кыргыздын балет искусст­восун дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тааныткан. Ал катышкан «Чолпон» балет-фильми 60тан ашуун өлкөдө коюлган. Ал ошондой эле Румынияда (1953), Чехословакияда (1967), Канадада (1967), Азия жана Африканын айрым өлкөлөрүндө гастролдо болгон. Өзгөчө кыргыз искусствосу менен адабиятынын Москвада өткөн 2-он күндүгүндө (1958) Бейшеналиева  моск­валык көрүүчүлөрдүн, адистердин эң жогорку баасына арзыган. Башкы партиясын Бейшеналиева  аткар­ган «Асел» балети мыкты опералык жана балет­тик спектаклдердин конкурсунда (1967) сыйлык алган, ошол эле ролду аткарганы үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон (1970). Бейшеналиева  СССР Жогорку Советинин 6– 7-шайланышынын, Кыргыз ССР Жогорку Сове­тинин 4–5-шайланышынын депутаты. Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна жана Бишкек шаарындагы бир көчөгө ысымы берилген. Кыргыз сомунун 5 сом­дук купюрасына анын сүрөтү басылган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а ме­далдар менен сыйланган.
«Ала-Тоо жазы», 1955), Аврора (П. Чайковский, «Уйкудагы сулуу», 1956), Зейнеп (К. Молдо­басанов, Т. Окунев, «Куйручук», 1960), Фанни (И. Штраус, «Чоң вальс», 1961), Жульетта (С. Прокофьев, «Ромео жана Жульетта», 1962), Сильфида (Ф. Шопен, «Шопениана», 1966), Китри (Л. Минкус, «Дон Кихот», 1967), Асел (В. Власов, «Асел», 1967), Солистка (М. Равель, «Болеро», 1970) ж. б. Бейшеналиева  улуттук ж-а классика­лык балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдардын бүтүндөй бир галереясын жараткан. Ал кыргыз профессионалдык хореография өнө­рүнүн калыптанышына ж-а азыркы деңгээлге көтөрүлүшүнө зор залым кошкон, жеке өзүнө тиешелүү аткаруучулук салттарын мураска кал­тырган. Бейшеналиева  чыгармачылыгы телегейи текши өнүккөн балериналардын тобуна кошулат. Анын бийчи­лик өнөрү үчүн тубаса көрктүү келбетин, назик­тик м-н кайраттуулуктун, кыймылдын таамай­лыгы м-н эмоциялуулугунун айкалышы мүнөз­дүү. Артисттин ар бир аткарган ролу сулуу­луктун, назиктиктин, шаттыктын жаркын май­рамына айланган. Бейшеналиева  кыргыздын балет искусст­восун дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тааныткан. Ал катышкан «Чолпон» балет-фильми 60тан ашуун өлкөдө коюлган. Ал ошондой эле Румынияда (1953), Чехословакияда (1967), Канадада (1967), Азия ж-а Африканын айрым өлкөлөрүндө гастролдо болгон. Өзгөчө кыргыз искусствосу м-н адабиятынын Москвада өткөн 2-он күндүгүндө (1958) Бейшеналиева  моск­валык көрүүчүлөрдүн, адистердин эң жогорку баасына арзыган. Башкы партиясын Бейшеналиева  аткар­ган «Асел» балети мыкты опералык ж-а балет­тик спектаклдердин конкурсунда (1967) сыйлык алган, ошол эле ролду аткарганы үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон (1970). Бейшеналиева  СССР Жогорку Советинин 6– 7-шайланышынын, Кыргыз ССР Жогорку Сове­тинин 4–5-шайланышынын депутаты. Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна ж-а Бишкек шаарындагы бир көчөгө ысымы берилген. Кыргыз сомунун 5 сом­дук купюрасына анын сүрөтү басылган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а ме­далдар м-н сыйланган.


Ад.: ''Брудный Дм.'' Киргизский балетный театр. Ф., 1968; ''Уразгильдеев Р''. Бүбүсара Бейшеналиева. Ф. 1971; ''Львов Н.'' Киргизский театр. М., 1953.
Ад.: ''Брудный Дм.'' Киргизский балетный театр. Ф., 1968; ''Уразгильдеев Р''. Бүбүсара Бейшеналиева. Ф. 1971; ''Львов Н.'' Киргизский театр. М., 1953.

06:01, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БЕЙШЕНАЛИЕВА Бүбүсара (17. 5. 1926, Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Дөбө кыштагы – 10. 5. 1973, Фрунзе) – атактуу балерина, кыргыз хорео­графиясын негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз ССР эл артисти (1954), СССР эл артисти (1958). 1936–1941-жылдарда Ленин­град хореография окуу жа­йында окуган.

1948–1949-жылдарда ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айты­луу балет педагогу А. В. Ва­гановадан таалим алган. Бейшеналиева 13 жашында кыргыз искусст­восунун Москвада өткөн 1- он күндүгүндө (1939) бийлеп

М. Раухвергер. «Чол­пон» балетинде. Бү­бүсара Бейшеналие­ва Айдайдын ро­лунда.

чыккан. 1941-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти (1946-жылдан баш­кы солист). 1949-жылдан Фрунзе хореография окуу жайында педагогдук кесипте эмгектенген. Сахнада туңгуч ирет В. Власов менен В. Ференин «Селкинчек» (1943, балетмейстер Л. М. Крама­ревский) балетинде Зайнуранын ролун аткаруу менен кесипкөй чеберчилиги бар экенин көрсөткөн.

Бейшеналиеванын күчтүү хореографиялык таланты «Чолпон» (композитор М. Раухвергер, балетмейстер Л.М. Крамаревский) балетинде ачык-айкын көрүнгөн. Кийинки аткарган негизги ролдору:

Л. Минкус , «Дон Кихот» балетинде Бүбүсара Бейше­налиева – Китри, У. Сарбагышев – Базиль. Мария, Зарема (Б. Асафьев, «Бахчисарай фон­таны», 1949), Одетта – Одиллия (П. Чайков­ский, «Ак куу көлү», 1950), Тао Хоа (Глиэр, «Кы­зыл гүл»), Каарман кыз (С. Рахманинов, «Жаз келатат», 1953), Айдай (М. Раухвергер, «Чол­пон», 1953, 1958), Сайра (В. Власов, В. Фере, «Ала-Тоо жазы», 1955), Аврора (П. Чайковский, «Уйкудагы сулуу», 1956), Зейнеп (К. Молдо­басанов, Т. Окунев, «Куйручук», 1960), Фанни (И. Штраус, «Чоң вальс», 1961), Жульетта (С. Прокофьев, «Ромео жана Жульетта», 1962), Сильфида (Ф. Шопен, «Шопениана», 1966), Китри (Л. Минкус, «Дон Кихот», 1967), Асел (В. Власов, «Асел», 1967), Солистка (М. Равель, «Болеро», 1970) ж. б. Бейшеналиева улуттук жана классика­лык балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдардын бүтүндөй бир галереясын жараткан. Ал кыргыз кесиптик хореография өнө­рүнүн калыптанышына жана азыркы деңгээлге көтөрүлүшүнө зор залым кошкон, жеке өзүнө тиешелүү аткаруучулук салттарын мураска кал­тырган. Бейшеналиева чыгармачылыгы телегейи текши өнүккөн балериналардын тобуна кошулат. Анын бийчи­лик өнөрү үчүн тубаса көрктүү келбетин, назик­тик менен кайраттуулуктун, кыймылдын таамай­лыгы менен эмоциялуулугунун айкалышы мүнөз­дүү. Артисттин ар бир аткарган ролу сулуу­луктун, назиктиктин, шаттыктын жаркын май­рамына айланган. Бейшеналиева кыргыздын балет искусст­восун дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тааныткан. Ал катышкан «Чолпон» балет-фильми 60тан ашуун өлкөдө коюлган. Ал ошондой эле Румынияда (1953), Чехословакияда (1967), Канадада (1967), Азия жана Африканын айрым өлкөлөрүндө гастролдо болгон. Өзгөчө кыргыз искусствосу менен адабиятынын Москвада өткөн 2-он күндүгүндө (1958) Бейшеналиева моск­валык көрүүчүлөрдүн, адистердин эң жогорку баасына арзыган. Башкы партиясын Бейшеналиева аткар­ган «Асел» балети мыкты опералык жана балет­тик спектаклдердин конкурсунда (1967) сыйлык алган, ошол эле ролду аткарганы үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон (1970). Бейшеналиева СССР Жогорку Советинин 6– 7-шайланышынын, Кыргыз ССР Жогорку Сове­тинин 4–5-шайланышынын депутаты. Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна жана Бишкек шаарындагы бир көчөгө ысымы берилген. Кыргыз сомунун 5 сом­дук купюрасына анын сүрөтү басылган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а ме­далдар менен сыйланган.

Ад.: Брудный Дм. Киргизский балетный театр. Ф., 1968; Уразгильдеев Р. Бүбүсара Бейшеналиева. Ф. 1971; Львов Н. Киргизский театр. М., 1953.


Б. Алагушов.