ГРАНУЛДОО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

04:13, 23 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГРАНУЛДОО ( лат. granulum – бүртүк) – затты майда күкүм-бүртүктүү формага келтирүү. Г. заттын технол. касиетин жакшыртат, аны майда порциялар м-н пайдаланууга мүмкүндүк түзөт, батташтырбайт, жүктөөнү ж-а ташууну жеӊилдетет. Металлургия, энергетика, хим. өнөр жай, а. ч. ж. б-да колдонулат. Г. методу ар кандай: металлургияда – эриген суюк металлды суунун агымы, кысылган аба, азоттун же суунун буусу м-н иштетишет; химия өнөр жайында көӊдөй, бийик мунарада эритмелерди чачыратуу, күкүм түрүндөгү матералдарды тыгыздоо жолу м-н жасашат; а. ч-да болсо гранулданган тоют алынат.