БАЛЫКТАР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛЫКТАР '''( | '''БАЛЫКТАР '''(Ріsсеs) – сууда жашоочу омуртка­луу жаныбарлардын чоң классы. Дене узундугу 1 ''см''ден 20 ''м''ге чейин, кээде салмагы 1 ''г''дан 12–14 ''т''га же­тет. Көкүрөк жуп сүзгүчтөрү, курсак жана жупсуз жон, куйрук жана куйрук астындагы сүзгүч ка­наттары балыктарды башка омурткалуу жаныбарлар­дан айырмалап турат. Алар торпедо, цилиндр, жалпак, тасма, тегерек, ай сымал болот. Бири биринен чоңдугу, түсү, формасы, түзүлүшү, фи­зиологиясы менен айырмаланат. Балыктардын түзүлүш өзгөчөлүгү, органдарынын функциясы суудагы жашоо шартына, экологиясына байланыштуу. Скелети омуртка тутуму, баш жана сүзгүч канат сөөктөрүнөн турат. Бакалоорлору, кээ бирлери (кош дем алуучулар) кошумча өпкөсү менен дем алат. Сууда эриген кычкылтек бакалоор жел­бирекчелеринен өтүп, денеге таралат. Скелети кемирчектүү же сөөктүү, баш мээси жөнөкөй, көрүү, жыт жана даам сезүү органдары, жаак аппараты жакшы өөрчүгөн, толкун кыймылда­рын каптал сызыктары аркылуу туят. Көпчүлүк балыктардын сүзүү баштыкчалары гидростатикалык, кээде үн чыгаруу кызматын аткарат. Балыктар кемирчектүү жана кылкандуу деп 2 класска ажыраты­лат. 20 миңден ашык түрү бар. Азыктануусу боюнча планктонофагдар, бентофагдар, фитофагдар, детритофагдар, жырткычтар болуп бөлүнөт. Уру­гун сууга таштап көбөйөт, кээ бири (көпчүлүк ''акулалар,'' гамбузия, ''аквариум балыктары'') тирүү тууйт. Жашоо узактыгы 1–2 жылдан (айрым кыска мөөнөттө жетилүүчүлөрү), 100 жылга чейин (белугалар ж. б.). Алар бийик тоо суула­рынан, океандын эң терең жерине чейин кез­дешет. Балыктардын 2500 түрү бар, алардын 36 түрү Кыргызстанда кездешет. Балыктардын эл чарбасында мааниси чоң, адамга керек белок заттын негизги булагынын бири. Эти, икрасы, майы, сөөгү да өтө баалуу. Кийинки жылдарда промыселдик балыктардын саны азаюуда. Алардын санын калыбына келтирүү максатында мамлекеттик деңгээлде чаралар көрүлүп, мый­замдар кабыл алынууда. Балыктардын 194 түрү ТКЭСтин кызыл китебине катталган. | ||
''Ад''.: Частная ихтиология, 3 изд., М., 1971; Жизнь животных, т. 4, ч. 1; Рыбы, М., 1971. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ''Ад''.: Частная ихтиология, 3 изд., М., 1971; Жизнь животных, т. 4, ч. 1; Рыбы, М., 1971. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
08:54, 22 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЛЫКТАР (Ріsсеs) – сууда жашоочу омурткалуу жаныбарлардын чоң классы. Дене узундугу 1 смден 20 мге чейин, кээде салмагы 1 гдан 12–14 тга жетет. Көкүрөк жуп сүзгүчтөрү, курсак жана жупсуз жон, куйрук жана куйрук астындагы сүзгүч канаттары балыктарды башка омурткалуу жаныбарлардан айырмалап турат. Алар торпедо, цилиндр, жалпак, тасма, тегерек, ай сымал болот. Бири биринен чоңдугу, түсү, формасы, түзүлүшү, физиологиясы менен айырмаланат. Балыктардын түзүлүш өзгөчөлүгү, органдарынын функциясы суудагы жашоо шартына, экологиясына байланыштуу. Скелети омуртка тутуму, баш жана сүзгүч канат сөөктөрүнөн турат. Бакалоорлору, кээ бирлери (кош дем алуучулар) кошумча өпкөсү менен дем алат. Сууда эриген кычкылтек бакалоор желбирекчелеринен өтүп, денеге таралат. Скелети кемирчектүү же сөөктүү, баш мээси жөнөкөй, көрүү, жыт жана даам сезүү органдары, жаак аппараты жакшы өөрчүгөн, толкун кыймылдарын каптал сызыктары аркылуу туят. Көпчүлүк балыктардын сүзүү баштыкчалары гидростатикалык, кээде үн чыгаруу кызматын аткарат. Балыктар кемирчектүү жана кылкандуу деп 2 класска ажыратылат. 20 миңден ашык түрү бар. Азыктануусу боюнча планктонофагдар, бентофагдар, фитофагдар, детритофагдар, жырткычтар болуп бөлүнөт. Уругун сууга таштап көбөйөт, кээ бири (көпчүлүк акулалар, гамбузия, аквариум балыктары) тирүү тууйт. Жашоо узактыгы 1–2 жылдан (айрым кыска мөөнөттө жетилүүчүлөрү), 100 жылга чейин (белугалар ж. б.). Алар бийик тоо сууларынан, океандын эң терең жерине чейин кездешет. Балыктардын 2500 түрү бар, алардын 36 түрү Кыргызстанда кездешет. Балыктардын эл чарбасында мааниси чоң, адамга керек белок заттын негизги булагынын бири. Эти, икрасы, майы, сөөгү да өтө баалуу. Кийинки жылдарда промыселдик балыктардын саны азаюуда. Алардын санын калыбына келтирүү максатында мамлекеттик деңгээлде чаралар көрүлүп, мыйзамдар кабыл алынууда. Балыктардын 194 түрү ТКЭСтин кызыл китебине катталган.
Ад.: Частная ихтиология, 3 изд., М., 1971; Жизнь животных, т. 4, ч. 1; Рыбы, М., 1971.