БЕКМУРЗАЕВ Кадыр: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Dilde moved page БЕКМУРЗАЕВ to БЕКМУРЗАЕВ Кадыр) |
(Айырма жок)
|
08:17, 25 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕКМУРЗАЕВ Кадыр (1913, Ош облусу, Өзгөн району, Татты-Булак кыштагы – 2001, ошол эле жерде) – айыл чарба өндүрүшүн уюштуруучу, Социалисттик Эмгек Баатыры (1948). Эмгек жолун катардагы колхозчу

болуп иштөөдөн баштаган. 1932-жылдан партиялык, советтик кызматтарда, 1944-жылдан Ош облусунун Өзгөн р-нундагы «Маданият» колхозунун башкармасы. Анын жетекчилигинде колхоздун экономикасы бир кыйла чыңдалган. 1947-жылы колхоз 40,5 га сугат жердеги буудайдын ар гектарынан 30,4 ц, 1700 га кайрак жердеги буудайдын ар гектарынан 18 ц түшүм алган. Ленин ордени м-н сыйланган.