БЕРДИКЕ БААТЫР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕРДИКЕ БААТЫР''' , Б е р д и к е С ы р д ы б а й у у л у (болжолу 18-кылымдын 20–30-жылдары, Та­лас өрөөнү, | '''БЕРДИКЕ БААТЫР''' , Б е р д и к е С ы р д ы б а й у у л у (болжолу 18-кылымдын 20–30-жылдары, Та­лас өрөөнү, Беш-Таш капчыгайы – 18-кылымдын 70- жылдары, Анжиян) – кыргыздардын Жуңгар хандыгына каршы күрөшүн уюштуруучулардын ж-а жетектегендердин бири. Саруу уруусунун алакчын уругунан. Кушчу, жетиген уруула­рынын башчысы Эр Солтоной, Итим баатыр, солто элинен ''Жайыл'' баатыр м-н Кошой, саяк­тардын Эр ''Садыр,'' сарбагыштан ''Атаке'' баатыр ж. б. м-н бирдикте кыргыз жергесин жуңгар­лардан бошотууда айрыкча таанылган. Санжы­рачылардын айтуусуна караганда, Бердике баатыр жоого киргенде жайдак ат минип, кылыч чаап, ай­балта соккон. Эл арасында Бердике баатыр калмактын Маркашка деген кол башчысы м-н ымалалаш болгондугу, кийин эрегиште аны набыт кылга­ны айтылат. Бердике баатыр үч жыл Ысык-Көлдүн теске­йинде жашап, үйлөнүп-жайланган (анын урпак­тары азыр Саруу айылында турушат). Атаке баатыр Тынай бий уулу м-н дос, белкуда бо­лушкан. Бердике баатырдын уулу Жаныбектин Анар де­ген кызына Атакенин Карабек деген баласы үйлөнгөн (андан ''Жантай'' төрөлгөн). Дагы бир маалымат боюнча, Анжиян шаарына жортуул уюшту­руп, басып алат. Шаар башчысын бийликтен четтетип, анын вазиринин кызына үйлөнөт. Көчмөн турмуш шартына көнгөн Бердике баатыр көбүнесе тышта-тоодо болуп, шаарды иш жүзүндө аялы башкарып калат. Мындай жагдай бара-бара калктын нааразылыгын туудуруп, төбөлдөр Бердике баатырга каршы тымызын кутум уюштурушуп, уу беришет. Абалы начарлаганын сезген Бердике баатыр шаар­дан чыгып бара жатканда, катуу жараат алып, курман болот. Анын сөөгүн Бабата мазарына коюшуп, күмбөз тургузушкан. | ||
<p align='right'>''Д. Сапаралиев.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | <p align='right'>''Д. Сапаралиев.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
05:56, 18 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕРДИКЕ БААТЫР , Б е р д и к е С ы р д ы б а й у у л у (болжолу 18-кылымдын 20–30-жылдары, Талас өрөөнү, Беш-Таш капчыгайы – 18-кылымдын 70- жылдары, Анжиян) – кыргыздардын Жуңгар хандыгына каршы күрөшүн уюштуруучулардын ж-а жетектегендердин бири. Саруу уруусунун алакчын уругунан. Кушчу, жетиген урууларынын башчысы Эр Солтоной, Итим баатыр, солто элинен Жайыл баатыр м-н Кошой, саяктардын Эр Садыр, сарбагыштан Атаке баатыр ж. б. м-н бирдикте кыргыз жергесин жуңгарлардан бошотууда айрыкча таанылган. Санжырачылардын айтуусуна караганда, Бердике баатыр жоого киргенде жайдак ат минип, кылыч чаап, айбалта соккон. Эл арасында Бердике баатыр калмактын Маркашка деген кол башчысы м-н ымалалаш болгондугу, кийин эрегиште аны набыт кылганы айтылат. Бердике баатыр үч жыл Ысык-Көлдүн тескейинде жашап, үйлөнүп-жайланган (анын урпактары азыр Саруу айылында турушат). Атаке баатыр Тынай бий уулу м-н дос, белкуда болушкан. Бердике баатырдын уулу Жаныбектин Анар деген кызына Атакенин Карабек деген баласы үйлөнгөн (андан Жантай төрөлгөн). Дагы бир маалымат боюнча, Анжиян шаарына жортуул уюштуруп, басып алат. Шаар башчысын бийликтен четтетип, анын вазиринин кызына үйлөнөт. Көчмөн турмуш шартына көнгөн Бердике баатыр көбүнесе тышта-тоодо болуп, шаарды иш жүзүндө аялы башкарып калат. Мындай жагдай бара-бара калктын нааразылыгын туудуруп, төбөлдөр Бердике баатырга каршы тымызын кутум уюштурушуп, уу беришет. Абалы начарлаганын сезген Бердике баатыр шаардан чыгып бара жатканда, катуу жараат алып, курман болот. Анын сөөгүн Бабата мазарына коюшуп, күмбөз тургузушкан.
Д. Сапаралиев.