БИОЛОГИЯЛЫК РИТМДЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БИОЛОГИЯЛЫК РИТМДЕР''' – биологиялык  процесстер­дин ж-а кубулуштардын мезгил-мезгили м-н кайталануучу өзгөрүштөрү. Булар бардык тирүү организмдерге таандык ж-а тиричиликтин уюшу­усунун ар бир деңгээлинде (клеткадан баштап биосферага чейин) байкалат. Биологиялык  ритмдин мүнөзү тукум куугучтук ж-а организмдердин ыңгайла­нышынын, табигый тандалуунун маанилүү фак­тору. Айлана-чөйрөдөгү таасирлердин астында аныкталган ритмдер – экзогендик, ал эми орга­низм өзү аныктаган ритмдер – эндогендик деп аталат. Мисалы, организмдердин жүрүм-турум мүнө­зүнүн экзогендик ритмин негизинен күндүн узак­тыгы аныктайт. Айрым жаныбарлардын экзо­гендик ритмине ай таасир этет. Эндогендик рит­мдердин себеби толугу м-н изилдене элек. Ошо­го карабастан ритмдерди тейлөөчү нервдик ж-а эндокриндик механизмдерди иштетүүчү кандай­дыр физиологиялык  процесс бар экендиги талашсыз. Эндогендик ритмдердин дагы бир аты – физиологиялык  ритмдер. Организмдеги ар бир физиологиялык  процесс (клеткадагы нуклеин кислоталардын, белоктордун синтезделиши, клеткалардын бөлүнүшү, булчуң­дардын жыйрылышы, жүрөктүн согушу, дем а­луу ж. б.) ритмдүү. Ар бир сиcтеманын ритми  өзгөчө болсо да, бардык системалардын процесс­тери бирге ырааттуу ишке ашып, организмдин жүрүм-турум ритмин аныктайт. Физиологиялык  ритм­дердин мезгилдүүлүгү секунданын бир нече бөлүгүнөн бир нече минуталарга чейин созулат. Экзогендик ритмдердин экинчи аталышы – экологиялык  ритмдер. Негизги экологиялыцк ритмдер Жер шарынын Күндүн, ал эми Айдын Жердин айланасында айланышы м-н байланыштуу. Мындай айлануу­нун таасири астында биздин планетадагы көп­төгөн экологшиялык факторлор (өзгөчө жарык, температура, абанын басымы ж-а нымдуулугу, атмосферанын электр-магниттик талаасы ж. б., закон ченем­дүүлүктөр) өзгөрөт. Экологиялык  ритмдердин мөөнөтү айлана-чөйрөдөгү табигый ритмдерге шайкеш,  мисалы: суткалык, мезгилдик, жылдык, көп жыл­дык. Экологиялык  ритмдер организмге убакытты баам­дап, айлана-чөйрөнүн болочок өзгөрүүлөрүнө даярдык көргөнгө жардам бергендиктен, адапта­циялык биологиялык  ритмдер деп аталат. Мисалы, жа­ныбарлар суук түшөрдүн астында чээнге кирет же жылуу жакты көздөй кетишет, таңга маал (күн чыгарда) өсүмдүктөрдүн гүлдөрү ачылат ж. б. Экологиялык  ритмдер туруктуу келет. Эгерде кышын­да өскөн дарактарды жылуу тропиктерде
'''БИОЛОГИЯЛЫК РИТМДЕР''' – биологиялык  процесстер­дин ж-а кубулуштардын мезгил-мезгили м-н кайталануучу өзгөрүштөрү. Булар бардык тирүү организмдерге таандык ж-а тиричиликтин уюшу­усунун ар бир деңгээлинде (клеткадан баштап биосферага чейин) байкалат. Биологиялык  ритмдин мүнөзү тукум куугучтук ж-а организмдердин ыңгайла­нышынын, табигый тандалуунун маанилүү фак­тору. Айлана-чөйрөдөгү таасирлердин астында аныкталган ритмдер – экзогендик, ал эми орга­низм өзү аныктаган ритмдер – эндогендик деп аталат. Мисалы, организмдердин жүрүм-турум мүнө­зүнүн экзогендик ритмин негизинен күндүн узак­тыгы аныктайт. Айрым жаныбарлардын экзо­гендик ритмине ай таасир этет. Эндогендик рит­мдердин себеби толугу м-н изилдене элек. Ошо­го карабастан ритмдерди тейлөөчү нервдик ж-а эндокриндик механизмдерди иштетүүчү кандай­дыр физиологиялык  процесс бар экендиги талашсыз. Эндогендик ритмдердин дагы бир аты – физиологиялык  ритмдер. Организмдеги ар бир физиологиялык  процесс (клеткадагы нуклеин кислоталардын, белоктордун синтезделиши, клеткалардын бөлүнүшү, булчуң­дардын жыйрылышы, жүрөктүн согушу, дем а­луу ж. б.) ритмдүү. Ар бир сиcтеманын ритми  өзгөчө болсо да, бардык системалардын процесс­тери бирге ырааттуу ишке ашып, организмдин жүрүм-турум ритмин аныктайт. Физиологиялык  ритм­дердин мезгилдүүлүгү секунданын бир нече бөлүгүнөн бир нече минуталарга чейин созулат. Экзогендик ритмдердин экинчи аталышы – экологиялык  ритмдер. Негизги экологиялык ритмдер Жер шарынын Күндүн, ал эми Айдын Жердин айланасында айланышы м-н байланыштуу. Мындай айлануу­нун таасири астында биздин планетадагы көп­төгөн экологиялык факторлор (өзгөчө жарык, температура, абанын басымы ж-а нымдуулугу, атмосферанын электр-магниттик талаасы ж. б., закон ченем­дүүлүктөр) өзгөрөт. Экологиялык  ритмдердин мөөнөтү айлана-чөйрөдөгү табигый ритмдерге шайкеш,  мисалы: суткалык, мезгилдик, жылдык, көп жыл­дык. Экологиялык  ритмдер организмге убакытты баам­дап, айлана-чөйрөнүн болочок өзгөрүүлөрүнө даярдык көргөнгө жардам бергендиктен, адапта­циялык биологиялык  ритмдер деп аталат. Мисалы, жа­ныбарлар суук түшөрдүн астында чээнге кирет же жылуу жакты көздөй кетишет, таңга маал (күн чыгарда) өсүмдүктөрдүн гүлдөрү ачылат ж. б. Экологиялык  ритмдер туруктуу келет. Эгерде кышын­да өскөн дарактарды жылуу тропиктерде   өстүрсө, алар күзүндө жалбырактарын түшүрөт.  Жердин негизги ритми – суткалык ритм. Ал бир клеткалуулардан баштап адамга чейин түрдүү организмдерде байкалат. Адамдын 100дөн ашык физиологиялык  функцияларына суткалык ритм таандык. Уйку, сергектик мезгилдерине жара­ша жаныбарлар күндүзгү ж-а түнкүлөргө бөлү­нөт. Жарыкта активдүү жаныбарларга таран­чы, кумурскалар, ал эми караңгыда активдүү­лөргө жарганаттар м-н кирпичечендер кирет. Ритмдердин бузулушу физиологиялык  функциялардын бузулушуна, ал эмес оорулардын пайда болу­шуна алып келиши мүмкүн. Адамда уйку м-н сергектик ритми бузулса, уйкусуздук гана эмес кан айлануу, дем алуу ж-а тамак сиңирүү орган­дары да бузулат. Климаттык, физиолгиялык шарттардын жыл ичинде закон ченемдүү өзгөрүшү тирүү организмдерде ар кандай ыңгайланышуулардын пайда болушуна өбөлгө түзөт. Жандуулардын көбөйүүсү, өсүп-өрчүүсү, миграциясы, ыңгайсыз шарттардан сактанышы жылдын белгилүү бир мезгилине байланыштуу. Жасалма түрдө жа­рыктын, температуранын мезгилдик ритмдерин  өзгөртүп күнөсканаларда өстүрүлгөн өсүмдүктөр­дүн түшүмдүүлүгүн жогорулатып, бакма жаны­барлардын көбөйүшүнө шарт түзүү мүмкүн. Ар бир дары-дармектин сутка ичинде ар кандай таасир эткендиги байкалган. Байыркы Кытай­дын дарыгерлери 24 саатты «тиричилик күчтүн сааттарына» ж-а «оорунун сааттарына» бөлгөн. Илгертен кыргыздар бешимде уктачу эмес, ант­кени андай уйку адамды эс алдырбастыгын бай­каган. Азыркы мезгилде көп оорулуулар уба­кытты эске алуу м-н дарыланат.
өстүрсө, алар күзүндө жалбырактарын түшүрөт.  Жердин негизги ритми – суткалык ритм. Ал бир клеткалуулардан баштап адамга чейин түрдүү организмдерде байкалат. Адамдын 100дөн ашык физиологиялык  функцияларына суткалык ритм таандык. Уйку, сергектик мезгилдерине жара­ша жаныбарлар күндүзгү ж-а түнкүлөргө бөлү­нөт. Жарыкта активдүү жаныбарларга таран­чы, кумурскалар, ал эми караңгыда активдүү­лөргө жарганаттар м-н кирпичечендер кирет. Ритмдердин бузулушу физиологиялык  функциялардын бузулушуна, ал эмес оорулардын пайда болу­шуна алып келиши мүмкүн. Адамда уйку м-н сергектик ритми бузулса, уйкусуздук гана эмес кан айлануу, дем алуу ж-а тамак сиңирүү орган­дары да бузулат. Климаттык, физиолгиялык шарттардын жыл ичинде закон ченемдүү өзгөрүшү тирүү организмдерде ар кандай ыңгайланышуулардын пайда болушуна өбөлгө түзөт. Жандуулардын көбөйүүсү, өсүп-өрчүүсү, миграциясы, ыңгайсыз шарттардан сактанышы жылдын белгилүү бир мезгилине байланыштуу. Жасалма түрдө жа­рыктын, температуранын мезгилдик ритмдерин  өзгөртүп күнөсканаларда өстүрүлгөн өсүмдүктөр­дүн түшүмдүүлүгүн жогорулатып, бакма жаны­барлардын көбөйүшүнө шарт түзүү мүмкүн. Ар бир дары-дармектин сутка ичинде ар кандай таасир эткендиги байкалган. Байыркы Кытай­дын дарыгерлери 24 саатты «тиричилик күчтүн сааттарына» ж-а «оорунун сааттарына» бөлгөн. Илгертен кыргыздар бешимде уктачу эмес, ант­кени андай уйку адамды эс алдырбастыгын бай­каган. Азыркы мезгилде көп оорулуулар уба­кытты эске алуу м-н дарыланат.


Ад.: ''Акимова Т. А., Хаскин В. В''. Экология. М., 1998; ''Кулназаров Б''. Жалпы экология. Б., 1999; ''Мухин Л. М''. Планеты и жизнь. М., 1980.
Ад.: ''Акимова Т. А., Хаскин В. В''. Экология. М., 1998; ''Кулназаров Б''. Жалпы экология. Б., 1999; ''Мухин Л. М''. Планеты и жизнь. М., 1980.

08:15, 5 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

БИОЛОГИЯЛЫК РИТМДЕР – биологиялык процесстер­дин ж-а кубулуштардын мезгил-мезгили м-н кайталануучу өзгөрүштөрү. Булар бардык тирүү организмдерге таандык ж-а тиричиликтин уюшу­усунун ар бир деңгээлинде (клеткадан баштап биосферага чейин) байкалат. Биологиялык ритмдин мүнөзү тукум куугучтук ж-а организмдердин ыңгайла­нышынын, табигый тандалуунун маанилүү фак­тору. Айлана-чөйрөдөгү таасирлердин астында аныкталган ритмдер – экзогендик, ал эми орга­низм өзү аныктаган ритмдер – эндогендик деп аталат. Мисалы, организмдердин жүрүм-турум мүнө­зүнүн экзогендик ритмин негизинен күндүн узак­тыгы аныктайт. Айрым жаныбарлардын экзо­гендик ритмине ай таасир этет. Эндогендик рит­мдердин себеби толугу м-н изилдене элек. Ошо­го карабастан ритмдерди тейлөөчү нервдик ж-а эндокриндик механизмдерди иштетүүчү кандай­дыр физиологиялык процесс бар экендиги талашсыз. Эндогендик ритмдердин дагы бир аты – физиологиялык ритмдер. Организмдеги ар бир физиологиялык процесс (клеткадагы нуклеин кислоталардын, белоктордун синтезделиши, клеткалардын бөлүнүшү, булчуң­дардын жыйрылышы, жүрөктүн согушу, дем а­луу ж. б.) ритмдүү. Ар бир сиcтеманын ритми өзгөчө болсо да, бардык системалардын процесс­тери бирге ырааттуу ишке ашып, организмдин жүрүм-турум ритмин аныктайт. Физиологиялык ритм­дердин мезгилдүүлүгү секунданын бир нече бөлүгүнөн бир нече минуталарга чейин созулат. Экзогендик ритмдердин экинчи аталышы – экологиялык ритмдер. Негизги экологиялык ритмдер Жер шарынын Күндүн, ал эми Айдын Жердин айланасында айланышы м-н байланыштуу. Мындай айлануу­нун таасири астында биздин планетадагы көп­төгөн экологиялык факторлор (өзгөчө жарык, температура, абанын басымы ж-а нымдуулугу, атмосферанын электр-магниттик талаасы ж. б., закон ченем­дүүлүктөр) өзгөрөт. Экологиялык ритмдердин мөөнөтү айлана-чөйрөдөгү табигый ритмдерге шайкеш, мисалы: суткалык, мезгилдик, жылдык, көп жыл­дык. Экологиялык ритмдер организмге убакытты баам­дап, айлана-чөйрөнүн болочок өзгөрүүлөрүнө даярдык көргөнгө жардам бергендиктен, адапта­циялык биологиялык ритмдер деп аталат. Мисалы, жа­ныбарлар суук түшөрдүн астында чээнге кирет же жылуу жакты көздөй кетишет, таңга маал (күн чыгарда) өсүмдүктөрдүн гүлдөрү ачылат ж. б. Экологиялык ритмдер туруктуу келет. Эгерде кышын­да өскөн дарактарды жылуу тропиктерде өстүрсө, алар күзүндө жалбырактарын түшүрөт. Жердин негизги ритми – суткалык ритм. Ал бир клеткалуулардан баштап адамга чейин түрдүү организмдерде байкалат. Адамдын 100дөн ашык физиологиялык функцияларына суткалык ритм таандык. Уйку, сергектик мезгилдерине жара­ша жаныбарлар күндүзгү ж-а түнкүлөргө бөлү­нөт. Жарыкта активдүү жаныбарларга таран­чы, кумурскалар, ал эми караңгыда активдүү­лөргө жарганаттар м-н кирпичечендер кирет. Ритмдердин бузулушу физиологиялык функциялардын бузулушуна, ал эмес оорулардын пайда болу­шуна алып келиши мүмкүн. Адамда уйку м-н сергектик ритми бузулса, уйкусуздук гана эмес кан айлануу, дем алуу ж-а тамак сиңирүү орган­дары да бузулат. Климаттык, физиолгиялык шарттардын жыл ичинде закон ченемдүү өзгөрүшү тирүү организмдерде ар кандай ыңгайланышуулардын пайда болушуна өбөлгө түзөт. Жандуулардын көбөйүүсү, өсүп-өрчүүсү, миграциясы, ыңгайсыз шарттардан сактанышы жылдын белгилүү бир мезгилине байланыштуу. Жасалма түрдө жа­рыктын, температуранын мезгилдик ритмдерин өзгөртүп күнөсканаларда өстүрүлгөн өсүмдүктөр­дүн түшүмдүүлүгүн жогорулатып, бакма жаны­барлардын көбөйүшүнө шарт түзүү мүмкүн. Ар бир дары-дармектин сутка ичинде ар кандай таасир эткендиги байкалган. Байыркы Кытай­дын дарыгерлери 24 саатты «тиричилик күчтүн сааттарына» ж-а «оорунун сааттарына» бөлгөн. Илгертен кыргыздар бешимде уктачу эмес, ант­кени андай уйку адамды эс алдырбастыгын бай­каган. Азыркы мезгилде көп оорулуулар уба­кытты эске алуу м-н дарыланат.

Ад.: Акимова Т. А., Хаскин В. В. Экология. М., 1998; Кулназаров Б. Жалпы экология. Б., 1999; Мухин Л. М. Планеты и жизнь. М., 1980.


Ж. Карамолдоев.