БИОЛОГИЯЛЫК РИТМДЕР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИОЛОГИЯЛЫК РИТМДЕР''' – биологиялык процесстер­дин ж-а кубулуштардын мезгил-мезгили м-н кайталануучу өзгөрүштөрү. Булар бардык тирүү организмдерге таандык ж-а тиричиликтин уюшу­усунун ар бир деңгээлинде (клеткадан баштап биосферага чейин) байкалат. Биологиялык ритмдин мүнөзү тукум куугучтук ж-а организмдердин ыңгайла­нышынын, табигый тандалуунун маанилүү фак­тору. Айлана-чөйрөдөгү таасирлердин астында аныкталган ритмдер – экзогендик, ал эми орга­низм өзү аныктаган ритмдер – эндогендик деп аталат. Мисалы, организмдердин жүрүм-турум мүнө­зүнүн экзогендик ритмин негизинен күндүн узак­тыгы аныктайт. Айрым жаныбарлардын экзо­гендик ритмине ай таасир этет. Эндогендик рит­мдердин себеби толугу м-н изилдене элек. Ошо­го карабастан ритмдерди тейлөөчү нервдик ж-а эндокриндик механизмдерди иштетүүчү кандай­дыр физиологиялык процесс бар экендиги талашсыз. Эндогендик ритмдердин дагы бир аты – физиологиялык ритмдер. Организмдеги ар бир физиологиялык процесс (клеткадагы нуклеин кислоталардын, белоктордун синтезделиши, клеткалардын бөлүнүшү, булчуң­дардын жыйрылышы, жүрөктүн согушу, дем а­луу ж. б.) ритмдүү. Ар бир сиcтеманын ритми өзгөчө болсо да, бардык системалардын процесс­тери бирге ырааттуу ишке ашып, организмдин жүрүм-турум ритмин аныктайт. Физиологиялык ритм­дердин мезгилдүүлүгү секунданын бир нече бөлүгүнөн бир нече минуталарга чейин созулат. Экзогендик ритмдердин экинчи аталышы – экологиялык ритмдер. Негизги экологиялык ритмдер Жер шарынын Күндүн, ал эми Айдын Жердин айланасында айланышы м-н байланыштуу. Мындай айлануу­нун таасири астында биздин планетадагы көп­төгөн экологиялык факторлор (өзгөчө жарык, температура, абанын басымы ж-а нымдуулугу, атмосферанын электр-магниттик талаасы ж. б., закон ченем­дүүлүктөр) өзгөрөт. Экологиялык ритмдердин мөөнөтү айлана-чөйрөдөгү табигый ритмдерге шайкеш, мисалы: суткалык, мезгилдик, жылдык, көп жыл­дык. Экологиялык ритмдер организмге убакытты баам­дап, айлана-чөйрөнүн болочок өзгөрүүлөрүнө даярдык көргөнгө жардам бергендиктен, адапта­циялык биологиялык ритмдер деп аталат. Мисалы, жа­ныбарлар суук түшөрдүн астында чээнге кирет же жылуу жакты көздөй кетишет, таңга маал (күн чыгарда) өсүмдүктөрдүн гүлдөрү ачылат ж. б. Экологиялык ритмдер туруктуу келет. Эгерде кышын­да өскөн дарактарды жылуу тропиктерде өстүрсө, алар күзүндө жалбырактарын түшүрөт. Жердин негизги ритми – суткалык ритм. Ал бир клеткалуулардан баштап адамга чейин түрдүү организмдерде байкалат. Адамдын 100дөн ашык физиологиялык функцияларына суткалык ритм таандык. Уйку, сергектик мезгилдерине жара­ша жаныбарлар күндүзгү ж-а түнкүлөргө бөлү­нөт. Жарыкта активдүү жаныбарларга таран­чы, кумурскалар, ал эми караңгыда активдүү­лөргө жарганаттар м-н | '''БИОЛОГИЯЛЫК РИТМДЕР''' – биологиялык процесстер­дин ж-а кубулуштардын мезгил-мезгили м-н кайталануучу өзгөрүштөрү. Булар бардык тирүү организмдерге таандык ж-а тиричиликтин уюшу­усунун ар бир деңгээлинде (клеткадан баштап биосферага чейин) байкалат. Биологиялык ритмдин мүнөзү тукум куугучтук ж-а организмдердин ыңгайла­нышынын, табигый тандалуунун маанилүү фак­тору. Айлана-чөйрөдөгү таасирлердин астында аныкталган ритмдер – экзогендик, ал эми орга­низм өзү аныктаган ритмдер – эндогендик деп аталат. Мисалы, организмдердин жүрүм-турум мүнө­зүнүн экзогендик ритмин негизинен күндүн узак­тыгы аныктайт. Айрым жаныбарлардын экзо­гендик ритмине ай таасир этет. Эндогендик рит­мдердин себеби толугу м-н изилдене элек. Ошо­го карабастан ритмдерди тейлөөчү нервдик ж-а эндокриндик механизмдерди иштетүүчү кандай­дыр физиологиялык процесс бар экендиги талашсыз. Эндогендик ритмдердин дагы бир аты – физиологиялык ритмдер. Организмдеги ар бир физиологиялык процесс (клеткадагы нуклеин кислоталардын, белоктордун синтезделиши, клеткалардын бөлүнүшү, булчуң­дардын жыйрылышы, жүрөктүн согушу, дем а­луу ж. б.) ритмдүү. Ар бир сиcтеманын ритми өзгөчө болсо да, бардык системалардын процесс­тери бирге ырааттуу ишке ашып, организмдин жүрүм-турум ритмин аныктайт. Физиологиялык ритм­дердин мезгилдүүлүгү секунданын бир нече бөлүгүнөн бир нече минуталарга чейин созулат. Экзогендик ритмдердин экинчи аталышы – экологиялык ритмдер. Негизги экологиялык ритмдер Жер шарынын Күндүн, ал эми Айдын Жердин айланасында айланышы м-н байланыштуу. Мындай айлануу­нун таасири астында биздин планетадагы көп­төгөн экологиялык факторлор (өзгөчө жарык, температура, абанын басымы ж-а нымдуулугу, атмосферанын электр-магниттик талаасы ж. б., закон ченем­дүүлүктөр) өзгөрөт. Экологиялык ритмдердин мөөнөтү айлана-чөйрөдөгү табигый ритмдерге шайкеш, мисалы: суткалык, мезгилдик, жылдык, көп жыл­дык. Экологиялык ритмдер организмге убакытты баам­дап, айлана-чөйрөнүн болочок өзгөрүүлөрүнө даярдык көргөнгө жардам бергендиктен, адапта­циялык биологиялык ритмдер деп аталат. Мисалы, жа­ныбарлар суук түшөрдүн астында чээнге кирет же жылуу жакты көздөй кетишет, таңга маал (күн чыгарда) өсүмдүктөрдүн гүлдөрү ачылат ж. б. Экологиялык ритмдер туруктуу келет. Эгерде кышын­да өскөн дарактарды жылуу тропиктерде өстүрсө, алар күзүндө жалбырактарын түшүрөт. Жердин негизги ритми – суткалык ритм. Ал бир клеткалуулардан баштап адамга чейин түрдүү организмдерде байкалат. Адамдын 100дөн ашык физиологиялык функцияларына суткалык ритм таандык. Уйку, сергектик мезгилдерине жара­ша жаныбарлар күндүзгү ж-а түнкүлөргө бөлү­нөт. Жарыкта активдүү жаныбарларга таран­чы, кумурскалар, ал эми караңгыда активдүү­лөргө жарганаттар м-н кирпи чечендер кирет. Ритмдердин бузулушу физиологиялык функциялардын бузулушуна, ал эмес оорулардын пайда болу­шуна алып келиши мүмкүн. Адамда уйку м-н сергектик ритми бузулса, уйкусуздук гана эмес кан айлануу, дем алуу ж-а тамак сиңирүү орган­дары да бузулат. Климаттык, физиолгиялык шарттардын жыл ичинде закон ченемдүү өзгөрүшү тирүү организмдерде ар кандай ыңгайланышуулардын пайда болушуна өбөлгө түзөт. Жандуулардын көбөйүүсү, өсүп-өрчүүсү, миграциясы, ыңгайсыз шарттардан сактанышы жылдын белгилүү бир мезгилине байланыштуу. Жасалма түрдө жа­рыктын, температуранын мезгилдик ритмдерин өзгөртүп күнөсканаларда өстүрүлгөн өсүмдүктөр­дүн түшүмдүүлүгүн жогорулатып, бакма жаны­барлардын көбөйүшүнө шарт түзүү мүмкүн. Ар бир дары-дармектин сутка ичинде ар кандай таасир эткендиги байкалган. Байыркы Кытай­дын дарыгерлери 24 саатты «тиричилик күчтүн сааттарына» ж-а «оорунун сааттарына» бөлгөн. Илгертен кыргыздар бешимде уктачу эмес, ант­кени андай уйку адамды эс алдырбастыгын бай­каган. Азыркы мезгилде көп оорулуулар уба­кытты эске алуу м-н дарыланат. | ||
Ад.: ''Акимова Т. А., Хаскин В. В''. Экология. М., 1998; ''Кулназаров Б''. Жалпы экология. Б., 1999; ''Мухин Л. М''. Планеты и жизнь. М., 1980. | Ад.: ''Акимова Т. А., Хаскин В. В''. Экология. М., 1998; ''Кулназаров Б''. Жалпы экология. Б., 1999; ''Мухин Л. М''. Планеты и жизнь. М., 1980. |
09:28, 10 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БИОЛОГИЯЛЫК РИТМДЕР – биологиялык процесстердин ж-а кубулуштардын мезгил-мезгили м-н кайталануучу өзгөрүштөрү. Булар бардык тирүү организмдерге таандык ж-а тиричиликтин уюшуусунун ар бир деңгээлинде (клеткадан баштап биосферага чейин) байкалат. Биологиялык ритмдин мүнөзү тукум куугучтук ж-а организмдердин ыңгайланышынын, табигый тандалуунун маанилүү фактору. Айлана-чөйрөдөгү таасирлердин астында аныкталган ритмдер – экзогендик, ал эми организм өзү аныктаган ритмдер – эндогендик деп аталат. Мисалы, организмдердин жүрүм-турум мүнөзүнүн экзогендик ритмин негизинен күндүн узактыгы аныктайт. Айрым жаныбарлардын экзогендик ритмине ай таасир этет. Эндогендик ритмдердин себеби толугу м-н изилдене элек. Ошого карабастан ритмдерди тейлөөчү нервдик ж-а эндокриндик механизмдерди иштетүүчү кандайдыр физиологиялык процесс бар экендиги талашсыз. Эндогендик ритмдердин дагы бир аты – физиологиялык ритмдер. Организмдеги ар бир физиологиялык процесс (клеткадагы нуклеин кислоталардын, белоктордун синтезделиши, клеткалардын бөлүнүшү, булчуңдардын жыйрылышы, жүрөктүн согушу, дем алуу ж. б.) ритмдүү. Ар бир сиcтеманын ритми өзгөчө болсо да, бардык системалардын процесстери бирге ырааттуу ишке ашып, организмдин жүрүм-турум ритмин аныктайт. Физиологиялык ритмдердин мезгилдүүлүгү секунданын бир нече бөлүгүнөн бир нече минуталарга чейин созулат. Экзогендик ритмдердин экинчи аталышы – экологиялык ритмдер. Негизги экологиялык ритмдер Жер шарынын Күндүн, ал эми Айдын Жердин айланасында айланышы м-н байланыштуу. Мындай айлануунун таасири астында биздин планетадагы көптөгөн экологиялык факторлор (өзгөчө жарык, температура, абанын басымы ж-а нымдуулугу, атмосферанын электр-магниттик талаасы ж. б., закон ченемдүүлүктөр) өзгөрөт. Экологиялык ритмдердин мөөнөтү айлана-чөйрөдөгү табигый ритмдерге шайкеш, мисалы: суткалык, мезгилдик, жылдык, көп жылдык. Экологиялык ритмдер организмге убакытты баамдап, айлана-чөйрөнүн болочок өзгөрүүлөрүнө даярдык көргөнгө жардам бергендиктен, адаптациялык биологиялык ритмдер деп аталат. Мисалы, жаныбарлар суук түшөрдүн астында чээнге кирет же жылуу жакты көздөй кетишет, таңга маал (күн чыгарда) өсүмдүктөрдүн гүлдөрү ачылат ж. б. Экологиялык ритмдер туруктуу келет. Эгерде кышында өскөн дарактарды жылуу тропиктерде өстүрсө, алар күзүндө жалбырактарын түшүрөт. Жердин негизги ритми – суткалык ритм. Ал бир клеткалуулардан баштап адамга чейин түрдүү организмдерде байкалат. Адамдын 100дөн ашык физиологиялык функцияларына суткалык ритм таандык. Уйку, сергектик мезгилдерине жараша жаныбарлар күндүзгү ж-а түнкүлөргө бөлүнөт. Жарыкта активдүү жаныбарларга таранчы, кумурскалар, ал эми караңгыда активдүүлөргө жарганаттар м-н кирпи чечендер кирет. Ритмдердин бузулушу физиологиялык функциялардын бузулушуна, ал эмес оорулардын пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Адамда уйку м-н сергектик ритми бузулса, уйкусуздук гана эмес кан айлануу, дем алуу ж-а тамак сиңирүү органдары да бузулат. Климаттык, физиолгиялык шарттардын жыл ичинде закон ченемдүү өзгөрүшү тирүү организмдерде ар кандай ыңгайланышуулардын пайда болушуна өбөлгө түзөт. Жандуулардын көбөйүүсү, өсүп-өрчүүсү, миграциясы, ыңгайсыз шарттардан сактанышы жылдын белгилүү бир мезгилине байланыштуу. Жасалма түрдө жарыктын, температуранын мезгилдик ритмдерин өзгөртүп күнөсканаларда өстүрүлгөн өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатып, бакма жаныбарлардын көбөйүшүнө шарт түзүү мүмкүн. Ар бир дары-дармектин сутка ичинде ар кандай таасир эткендиги байкалган. Байыркы Кытайдын дарыгерлери 24 саатты «тиричилик күчтүн сааттарына» ж-а «оорунун сааттарына» бөлгөн. Илгертен кыргыздар бешимде уктачу эмес, анткени андай уйку адамды эс алдырбастыгын байкаган. Азыркы мезгилде көп оорулуулар убакытты эске алуу м-н дарыланат.
Ад.: Акимова Т. А., Хаскин В. В. Экология. М., 1998; Кулназаров Б. Жалпы экология. Б., 1999; Мухин Л. М. Планеты и жизнь. М., 1980.
Ж. Карамолдоев.