БЛАГОВЕЩЕНКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
2 сап: 2 сап:




[[Category: 2-том, бүтө элек]]
[[Category: 2-том ]]

04:01, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

БЛАГОВЕ́ЩЕНКА – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Сузак айыл өкмөтүнө караштуу. Көгарт суусунун оӊ жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 800 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 10 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 7 км. Кыштак 1897-жылы негизделген. Алгач Украинанын Киев облусунан көчүрүлүп келген 300 үй-бүлө (украин, орус, балкар, чечен ж. б.) отурукташкан. Калкы 6610 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП, мончо ж. б. бар.