ГРЕКТЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:13, 23 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГРЕКТЕР (өздөрүн эллинес деп аташат) – эл, Грекия ж-а Кипрдин жерг. калкы. Б.з.ч. 1 миң жылдыкта Европанын түш.-чыгышында калыптанган. АКШ, Россия, Германия, Канада, Австралия, Италия, Туркия, Египет, Албания, Франция, Сербия, Украина, Грузия, Армения, Казакстан ж. б. өлкөлөрдө жашашат. Жалпы саны 13 млн киши, анын 9 млну Грекияда, 700 миӊи Кипрде (2011). Жаӊы грек тилинде сүйлөшөт. Негизинен православныйлар. Б. з. ч. 2-миӊ жылдыктын башында Балкан ж. а-нын түштүгүнө, Эгей деӊизинин аралдарына, Кичи Азиянын батыш жээгине көчүп келишкен протогрек уруулары (ион, ахей, золий, дорий) жерг. элдер (пеласги) м-н жуурулушунун негизинде байыркы грек калкы калыптанып, Г-дин этностук негизин түзгөн. Г-дин колониялоо доорунда Жер ортолук ж-а Кара деӊиз жээгиндеги Г. (б. з. ч. 8–6-к.) маданий биримдикке жетишип, «эллиндер» деген атка ээ болгон. Алгач грек элинин курамына кирген бир уруунун аталышы болгон, кийин


грек тилинде сүйлөгөн бардык калкка жайылган. Эллиндерди Г. деп римдиктер атап, алар аркылуу Европага белгилүү болгон. о. кылымда Г. Византия империясынын негизги уюткусун түзүп, ромейлер деп аталган. Алардын фракиялыктар, иллириялыктар, кельт, валах, славян, албан топтору м-н бара-бара жуурулушунан Г-дин этностук курамы өзгөргөн. Осмон түрктөрүнүн грек жериндеги бийлиги (15-к. – 19-к-дын 1-жарымы) Г-дин руханий мад-ты м-н тилине тереӊ из калтырган. 1821–29-ж. Улуттук-боштондук рев-янын натыйжасында көз каранды эмес Грекия мамлекети (1830) түзүлгөн. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык, балык уулоочулук. Үйлөрү таштан, кыштан эки кабат салынып, астыӊкы кабатында чарбачылык жайлары, мал короолору жайгашкан. Улуттук кийиминде ийиндүү тигилген, күӊүрт түстүү байыркы жалпы балкан элементи сакталган. Аялдар кымча бел, узун көйнөк, алжапкыч, сарафан кийип, баштарына жоолук салынып, белине саймаланган, асыл таштар чөгөрүлгөн белбоо тагынышат. Эркектер кыска (тизеден өйдө) фустанелла, кенен (бир нече кыйыкталган) тигилген ак белдемчи, алтын тасмалуу ачык түстөгү күрмө же кыска кара желетке ж-а калпак кийишет. Тамак-ашы негизинен өсүмдүктөрдөн жасалып, төө буурчак, голубцы, жашылча рагу, маринаддалган зайтун жемиши, сүт азыктарынан быштак, айран кеӊири колдонулат. Улуттук майрамы – масленица. Ш. Керимов.