Д’АЛАМБЕР: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
Д’АЛАМБЕ́Р Жан Лерон (16.11.1717, Париж – 29.10.1783, ошол жер) – франц. математик ж-а философ-агартуучу, Париж ИАнын (1754), Петербург ИАнын (1764) ж. б. академиялардын мүчөсү. Дидро м-н бирге «Энциклопедия» чыгарган. Д. математика, гидродинамика, астр., физика илимдерин байытууга салым кошкон. «Динамика жөнүндө трактат» (1743) деген эмгегинде динамика маселелерин келтирип, материалдык ар кандай системанын кыймыл-аракеттеринин дифференциялоочу теӊдемелерин түзүүнүн жалпы эрежелерин биринчи ачкан. Анын филос. эмгектеринин маанилүүлөрү: «Энциклопедия» үчүн жазылган «Илимдердин чыгышынын жана өнүгүшүнүн очерки» (1751) макаласы, «Философиянын элементтери» (1759) эмгеги. Д. феодалдык-клерикалдык көз карашка каршы күрөшкөн, сенсуализмди жактап, философиянын негизги маселелерин чечүүдө скептизицимге ыктаган. Д-дин көз карашын Дидро «Д’Аламбердин түшү» (1769) аттуу эмгегинде сынга алган.
<ParaBr>Ад.: Энгельс Ф. Диалектика природы. М., 1955; Добровольский В. А. Даламбер, М., 1968; История математики. М., 1972. Т. 3.