ДАЛДАЛЧЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДАЛДАЛЧЫ , ш и р е ӊ к а н а ч ы – соодада сатуучу м-н кардарды макулдаштыра турган адам. Базарда өздөрү табышып, кымбат сурап, арзан берип жаткан эки кишинин ортосуна өзү эле аралашып, экөөнү эпке келиштирип, калыс­тыкта соодалап жиберет. Базар салтында сатуу­чу да, алуучу да Д-га аздан акча-тыйын ширеӊ- кана беришкен. Алар ар күнү эртеден базар та­раганга чейин жүргөндүктөн, кесип катары эсеп­телген. Мурда соодага көӊүл бөлбөгөндүктөн, кыргыз Д-лар сейрек кездешкен. Кыргыздардын соодасын өзбек, татар Д-лар бүтүрүп беришкен. Учурда рынок экономикасынын шартына жа­раша Д-лар көбөйүп, алардын аткаруучу мил­деттери өзгөрүүдө. И. Молдобаев.