ДАНТЕ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДА́НТЕ Алигьери (15. 5. 1265, Флоренция – 14.

9. 1321, Равенна) – италян акыны, италян ада­бий тилин түзүүчү. Европада италян тилиндеги романдаштырылган биринчи автобиогр. «Жаӊы турмуш» деген чыгарма жазган (1292). Д. Фло­ренциянын коомдук турмушуна активдүү ка­тышканы үчүн эки жолу өлүм жазасы өкүм кылынган. 1304–07-ж. жазылган «Элдик тил жөнүндө» (латын тилинде), «Той» трактатта­ры – италян тилиндеги филос. прозанын үлгүсү. «Монархия жөнүндө» деген саясий трактатын­да дүйнөлүк монархия идеалын жактайт. Үч бөлүктөн («Тозок», «Күнөөдөн арылуу», «Бе­йиш») ж-а жүз ырдан турган «Ажайып коме­дия» (1307–21) Д-нин чыг-лыгынын туу чокусу, о. кылымдын поэтикалык энциклопедиясы бо­луп эсептелет. Акындын чыг-лыгы европа мад­тынын өнүгүшүнө да зор таасир тийгизген. «Ажайып комедиясы» кыргыз тилине котору­луп, айрым үзүндүлөрү жарык көргөн.

Чыг.: Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы. Б., 2004.

Ад.: Елина Н. Данте. М., 1965; Голенищев-Кутузов И. И. Данте и всемирная литература [Сб. статей]. М., 1967; Данченко В. Т. Данте Алигьери. Библиографи­ческий указатель рус. переводов и критич. лит-ры на рус. яз., 1762–1972. М., 1973. Э. Кылычев.