ВАГАНОВА: нускалардын айырмасы
2-tom>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
ВАЃАНОВА Агриппина Яковлевна [14(26). 6. 1879, Петербург – 5. 11. 1951, Ленинград] – балет артисти, балетмейстер, педагог, РСФСР эл арт. (1934). СССР мамл. сыйл. лауреаты (1946). 1897-ж. Петербург театр окуу жайын бүтүрүп, 1897–1916-ж. Мария театрында иштеген. 1917-жылдан пед. кызматта жүргөн. 1931–37-ж. Ленинграддагы С. М. Киров атн. опера ж-а балет театрынын көркөм жетекчиси болгон. «Ак куу көлү» (1933), «Эсмеральда» (1935) балеттерин койгон. Г. С. Уланова, М. Т. Семёнова, Т. М. Вечеслова,
«А. Я. Ваганова класста». В. Семёнова-Тянь-Шанская тарткан портрет. Н. М. Дудинская ж. б. балет чеберлери В-дан таалим алган. Бүбүсара Бейшеналиева да В-нын шакирти болгон. «Классикалык бийдин негиздери» окуу китебинин (1934, төрт ирет кайра басылган) автору. Ал балет өнөрүндө классикалык бийдин салттарын өнүктүрүүгө чоӊ эмгек сиӊирген. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Ад.: Богданов-Берёзовский В. М. А. Я. Ваганова. М.; Л., 1950.