ДЕЛЬТА: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕ́ЛЬТА – деӊиз же көлдүн тайыз жерине куйган ири дарыянын төмөнкү агымындагы агынды-шиленди тектерден түзүлгөн түздүк. Термин гректин ∆ (дельта) деген баш тамгасынан алынган, анткени ошол убакта Нил д-нын чатын үч бурчтукка окшоштурушкан. Дарыя куйган жерде суу агымынын ылдамдыгы кескин басаӊдашынан агындылар чөгүп, сайроондор пайда болот. Алар бара-бара сууну сай-сайлатып бөлүп, агым бир нече салаа б-ча агып калат. Убакыт өткөн сайын Д-нын аянты деӊизди карай чо- ӊоёт. Д-нын жайылып чоӊоюшунун ылдамдыгы жылына бир нече мден жүздөгөн мге чейин жетет. Айрым ири дарыялардын Д-сы чоӊ аянтка ээ. Мис., Амазонка д-ныкы 100 миӊ км2, Волганыкы 13 миӊ км2 ж. б. Пайда болушуна ж-а өсүп-өрчүшүнө байланыштуу үч бурчтуу

Д. (Нил д.), жалпак Д. (Миссисипи, Кура), догоо сымал (Лена), тумшук сымал (Тибр), бөлүнгөн (Камчатка), толгон (Кубань) ж. б. болуп бөлүнөт.