ДЕЛЮВИЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕЛЮ́ВИЙ (лат. deluo – жууйм), д е л ю в и й ч ө к м ө л ө р ү – жаан-чачын суулары м-н агып же оордук күчүнүн таасиринен каптал ылдый кулап, тоо этегине жыйналган борпоӊ тоотек шилендиси. Д-дин курамында чопо, кум, кырдуу кесек таштар аралаш жатат. Таштардын өлчөмү ар кандай, петрогр. курамы Д-дин үстүнкү кабатында жаткан кабаттуу чулу тоотектерге байланыштуу. Д-де көбүнчө алтын, калай, вольфрам ж. б. металлдардын чачынды кендери болот. Д. чополору кыш даярдоодо кеӊири пайдаланылат, к. Чөкмө тоотектери.