ДЕНЕНИН ӨСҮҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕНЕНИН ӨСҮҮСҮ – адам организминин мор­фол. ж-а функциялык өнүгүүсүнүн, дене сапа­тынын ички факторлор м-н жашоо шартына ылайыкталган мүмкүнчүлүктөрүнүн мыйзамче­немдүү процесси. Д. ө. негизинен дененин сырт­кы түзүлүшүнүн өсүү деӊгээли м-н аныкталат. Д. ө. үзгүлтүксүз жүрөт, бирок бир калыпта бол­бойт. Ал бала төрөлгөндөн баштап өтө ургаал­дуу жүрөт: бир жашка чейин баланын дене уз. 20–25 смге, салм. 2,5–3 эсе жогорулайт, ал эми 8 жашка чейинки баланын боюнун жылдык өсүүсү болжол м-н 7 см, салм. 2,2 кгды түзөт. Кенже класс курагында орт. жылдык өсүү – бою 4 см, салмагы 2 кг. Жыныстык жетилүүнүн баш­талышында (эркектер 13–14 жаш, кыздар 11– 12 жаш) өсүү кескин жогорулайт. Бул учурда кыздар тез өсөт, 15 жашында өзү курактуу ба­ладан бойлуу ж-а салмактуу келишет. Организм эркекте 19–20, аялда 17–18 жашта негизинен калыптанып бүтөт, ал эми бой эркекте 24–25, аялда 19–20 жашка чейин өсөт. Эркектин 25– 45, аялдын 25–40 жашы салыштырмалуу мор­фол. туруктуу мезгили болуп эсептелет, кийин­черээк бою кыскарып, салмагы чоӊоё баштайт.
Дене көнүгүүлөрүн үзгүлтүксүз жасоо Д. ө-нө жакшы таасир тийгизет. Мис., дайыма дене көнүгүүлөрүн жасаган 3–4 жашар наристенин бир жылда бою 9,8 см, салм. 3,9 кг, көкүрөк айланасы 4,3 смге өсөрү байкалган. Ошол эле жаштагы машыкпаган баланын жогорку көр­сөткүчтөрү – 8,8 см; 3 кг; 3,9 см болгон. Д. ө-нүн функциялык көрсөткүчтөрүнүн жакшы­рышына спортчунун машыгуусу чоӊ таасир тий­гизет. Машыккан дененин салмагы азайып, чыдамдуулугу жогорулайт. Машыккан спорттун түрүнө жараша спортчунун денесинин өсүшү бири-биринен айырмаланат.