ДЕНЕ САПАТТАРЫ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕНЕ САПАТТАРЫ – адам денесинин спорттук кыймыл-аракеттерге болгон мүмкүнчүлүктөрү. Бардык эле адамдын ондогон км аралыкка жүгүрүүгө же бир нече кмге сүзүүгө мүмкүнчүлүгү болбойт. Мындай көнүгүүлөрдү денеси машыккан ж-а Д. с. (күчү, чыдамкайлыгы, ийилчээктиги, ылдамдыгы, шамдагайлыгы) өнүккөн спортчу гана аткара алат. Д. с. өнүккөн адам ар кандай көнүгүүлөрдү жеӊил, так ж-а туура аткарат. Д. с. адамдын жашына жараша ар кандай өнүгөт. Спортто күчтү өнүктүрүүнүн мааниси өтө чоӊ. Спорттун дээрлик көпчүлүк бөлүгүндө (мис., күрөштө, бокста, оордук көтөрүүдө ж. б.) күчтүн көрсөткүчү эӊ маанилүү ролду ойнойт. Ылдамдыктын мааниси да спортто зор. Себеби, кайсы гана спортто болбосун (күрөштө, бокста, футболдо) ылдамдыгы жакшы өнүккөн спортчу гана жеӊишке жете алат. Чыдамкайлык – адам кыймыл-аракеттерди көп убакытка чейин аткара алгандыгы. Чыдамкайлыкты өнүктүрүү үчүн жүгүрүү, сууда сүзүү, лыжа тебүү сыяктуу көнүгүүлөрдү аткаруу зарыл. Шамдагайлык ж-а ийкемдүүлүк сапаттар спорт оюндарынын дээрлик көпчүлүк бөлүгүндө, айрыкча гимнастика оюндарында чоӊ мааниге ээ.