ДЕӉИЗ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕӉИЗ – Дүйнөлүк океандын аралдардын тизмеги же суу астындагы көтөрүӊкү рельеф аркылуу бөлүнүп, океан мейкиндигинен негизинен гидрол., метеорол. ж-а климаттык режимдери м-н айырмаланган бөлүгү. Д-дердин мындай өзгөчөлүктөрү алардын океандардын чет-жакаларында жайгашуусу (мында кургактык кый-



ла таасирин тийгизет) ж-а алардын океан мейкиндиктери м-н байланышынын чектелиши (суу алмашуу жай жүрөт) м-н байланыштуу; б. а. Д. кургактык м-н канчалык курчалса, ошончолук океандан айырмаланып турат. Кээде океандын ачык мейкиндиктери да шарттуу Д. деп аталат, мис., Атлантика океанындагы Саргасс деӊизи (ал калкыма балырлардын көптүгү м-н өзгөчөлөнөт), Тынч океандын батыш бөлүгүндөгү Филиппин Д-и. Айрым туюк көлдөр (мис., Каспий, Арал, Жансыз Д-дер) да Д. делет. Д-дердей зор аянтты ээлеген, режими б-ча
Д-ден айырмасы жок океандын кээ бир бөлүк-
төрү булуӊ деп аталат (мис., Мексика, Гудзон, Бенгал, Гвинея ж. б. булуӊдар). Жайгашуу абалына ж-а гидрол. режиминин өзгөчөлүктөрүнө жараша ички (Кара, Балтика), четки (Баренц, Лаптевдер, Беллинсгаузен), аралдар (Ява, Банда, Сулавеси) ж-а материктер арасындагы (Жер ортолук, Кызыл) болуп бөлүнөт. Геол. Жактан азыркы түзүлүшүнө жакын палеоген-неогенде,
азыркы турпатында антропогенде биротоло калыптанган. Эӊ тереӊ Д-дер (мис., Жер ортолук деӊиз) жер кыртышынын ири жаракалаларынын ордунда пайда болгон. Тайыз Д-дер адатта материктик тайыздыктарда жайгашып (к. Шельф), материктердин чет-жакаларынын төмөн чөгүп, океан суусу каптап калышынан же океан деӊ- гээлинин көтөрүлүшүнөн пайда болот.
Геогр. абалына жараша айрым Д-дер океандын ачык бөлүгүнө караганда түбүнөн бетине
чейин жылуу болот (мис., Кызыл деӊиз), ал эми
кээ бири тескерисинче, муздак болот (мис., Охота
деӊизи). Кургактык аркылуу бөлүнүп жатышына
жараша Д-дерде континенттик түрдүү климат
өкүм сүрөт. Дүйнөлүк океандын ту
здуулугунун эӊ жогорку (Кызыл деӊизде – 41,5‰) ж-а эӊ төмөнкү (Балтика деӊизинде 6,0–8
,0‰) көрсөткүчтөрү да Д-дерде. Д-дин үстүндө
циклон шамалдарынын үстөмдүгүнөн улам
циклондук
агымдар басымдуулук кылат. Океандарга салыштырмалуу Д-дин орг. дүйнөсү көп түрдүүлүгү
ж-а эндемиктердин арбындыгы м-н
өзгөчөлөнөт.
Ө. Бараталиев.