ДЕПУТАТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕПУТА́Т – (лат. deputatus – жиберилген, жөнөтүлгөн) – мамлекеттин мыйзам чыгаруучу же жерг. өз алдынча башкаруунун бийлик органдарына эл тарабынан шайланган өкүл. Д. жалпы, теӊ ж-а тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү м-н расасына, улутуна, билимине, жынысына, ата-тегине, мүлк абалына карабастан шайланат. КР Жогорку Кеӊешине парт. тизме б-ча 5 жылдык мөөнөткө курагы 25тен жаш эмес, жерг. кеӊешке түздөн-түз 4 жылдык мөөнөт м-н 20 жашка толгон КРдин ар бир жараны Д. болуп шайлана алат. Д. ар дайым шайлоочулар м-н байланышта болуп, өзүнүн иши б-ча отёт берет. Жогорку Кеӊешке шайланган Д. кол тийбестик укугуна ээ.