ДЕРКЕМБАЕВА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕРКЕМБАЕВА''' Ирина Григорьевна (25. 12. 1927- | '''ДЕРКЕМБАЕВА''' Ирина Григорьевна (25. 12. 1927-жылы туулган, РСФСР, Иркутск облусу, Нукут району, Үӊкүрлүк улусу – 9. 10. 2021, Бишкек шаары) – опера ырчысы (сопрано), Бурят АССР (1958), Кыргыз ССР эл артисти (1967). | ||
Үӊкүрлүк улусу) – опера ырчысы (сопрано), Бурят АССР (1958), Кыргыз ССР эл | |||
[[File:ДЕРКЕМБАЕВА82.png | thumb | А. Малдыбаев, В. Вла­сов, В. Ференин «Ай­чүрөк» операсынан | [[File:ДЕРКЕМБАЕВА82.png | thumb | А. Малдыбаев, В. Вла­сов, В. Ференин «Ай­чүрөк» операсынан | ||
Айчүрөктүн ролунда – И. Деркембаева. 1965.]] | Айчүрөктүн ролунда – И. Деркембаева. 1965.|379x379px]][[File:ДЕРКЕМБАЕВА81.png | thumb | none|348x348px]]Москва консерваториясы­нын ырдоо факультетин бүтүргөн (1952). 1942–1944-жылдары Улан-Удэ­де балерина, 1952-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана ба­лет театрынын солисткасы, 1975-жылдан Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда, 1978- жылдан Кыргыз улуттук консерваториясында, 2006- жылдан, Кыргыз опера жана балет театрынын хор студи­ясында ырдоо адистиги боюнча сабак берген. Микаэла (Ж. Бизе, «Кармен»), Мар­гарита (Ш. Гуно, «Фауст»), Ольга (А. Даргомыж­ский, «Суу периси»), Маженкин (Б. Сметана, «Са­тылган колукту»), Оксана (П. Чайковский, «Че­ревички») жана башка партияларды кыргыз сахнасын­да ырдаган. Улуттук операларда Айчүрөк, Ка­лыйман, Канайым, Тотуя, Валентинанын (Вла­сов, Малдыбаев, Фере, «Айчүрөк», «Манас», «Токтогул»), Апалдын (Абдраев, «Жаш жүрөк­төр»), Сонундун (Аманбаев, «Бойдоктор») парти­ясын ырдаган. Анын репертуарында кыргыз, орус, бурят, украин эл ырлары, композиторлор­дун вокалдык чыгармалары бар. Жеке концерт менен Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгында ж­ана Индия, Индонезия, Германия Демократиялык Республикасы, Польша, Монголия жана башка чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Канада­да өткөн «ЭКСПО-67» эл аралык көргөзмөсүнө катышкан. | ||
Деркембаева жаштардын жанаа студенттердин Берлинде өткөн бүткүл дүйнөлүк фестивалы­нын (1951), ырчылардын Москвада өткөн бүткүл союздук конкурсунун (1956) лауреаты. Эмгек Кызыл Туу, Данакер ордендери менен сыйланган. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
04:35, 24 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕРКЕМБАЕВА Ирина Григорьевна (25. 12. 1927-жылы туулган, РСФСР, Иркутск облусу, Нукут району, Үӊкүрлүк улусу – 9. 10. 2021, Бишкек шаары) – опера ырчысы (сопрано), Бурят АССР (1958), Кыргыз ССР эл артисти (1967).


Москва консерваториясынын ырдоо факультетин бүтүргөн (1952). 1942–1944-жылдары Улан-Удэде балерина, 1952-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисткасы, 1975-жылдан Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда, 1978- жылдан Кыргыз улуттук консерваториясында, 2006- жылдан, Кыргыз опера жана балет театрынын хор студиясында ырдоо адистиги боюнча сабак берген. Микаэла (Ж. Бизе, «Кармен»), Маргарита (Ш. Гуно, «Фауст»), Ольга (А. Даргомыжский, «Суу периси»), Маженкин (Б. Сметана, «Сатылган колукту»), Оксана (П. Чайковский, «Черевички») жана башка партияларды кыргыз сахнасында ырдаган. Улуттук операларда Айчүрөк, Калыйман, Канайым, Тотуя, Валентинанын (Власов, Малдыбаев, Фере, «Айчүрөк», «Манас», «Токтогул»), Апалдын (Абдраев, «Жаш жүрөктөр»), Сонундун (Аманбаев, «Бойдоктор») партиясын ырдаган. Анын репертуарында кыргыз, орус, бурят, украин эл ырлары, композиторлордун вокалдык чыгармалары бар. Жеке концерт менен Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгында жана Индия, Индонезия, Германия Демократиялык Республикасы, Польша, Монголия жана башка чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Канадада өткөн «ЭКСПО-67» эл аралык көргөзмөсүнө катышкан.
Деркембаева жаштардын жанаа студенттердин Берлинде өткөн бүткүл дүйнөлүк фестивалынын (1951), ырчылардын Москвада өткөн бүткүл союздук конкурсунун (1956) лауреаты. Эмгек Кызыл Туу, Данакер ордендери менен сыйланган.