ДЕРМАТОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕРМАТОЛО́ГИЯ (дермато... ж-а ...логия) – медицинанын теринин түзүлүшүн, аткарган кызматын, ооруларынын пайда болуу себептерин, ооруну аныктоо, дарылоо ж-а анын алдын алуу жолдорун изилдөөчү тармагы. Д. венерология, жугуштуу оорулар, педиатрия, аллергология, эндокринология, хирургия, гинекология, неврапотология ж. б. мед. тармактар м-н тыгыз байланыштуу. Тери оорулары б. з. ч. эле белгилүү болгон. Аны изилдөөдө араб дарыгерлери ж-а Ибн Сина чоӊ салым кошкон. 20-к-да аллергология, иммунология, химия, биология, биохимия, микробиология илимд. жетишкендиктери Д-нын өсүшүнө шарт түздү. Кырг-нда дерматол. кызмат 1923-ж. Пишпек ш-нда уюшулуп, 1-венерол. амбулатория ачылган. 1929-ж. Пишпек ш-дык тери-венерол. диспансер уюшулуп, 1937-ж. ал респ. тери-венерол. диспансер болуп кайра түзүлгөн. 1938–39-жылдары Ош, Ысык- Kөл, Талас, Жалал-Aбад обл. тери-венерол. диспансерлери ачылган. 1941-ж. КММИде теривенерология кафедрасы уюшулат. Тери-венерология б-ча алгачкы адистер респ-канын эмг. сиӊ. врачтары А. Борончиев, Б. Атакеев ж. б. болгон. 1997-жылдан «Манас» программасынын негизинде тери-венерол. кызмат реформаланып, респ-лык ж-а Ош обл. диспансерлери, үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы тери-венерология кабинеттери, серол., бактериол. лабор-лар изилдөөлөрдү жүргүзөт. Кырг-нда респ. ж-а обл. теривенерология диспансерлери иштейт.