ДЕТОНАЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕТОНА́ЦИЯ (лат. detonо – күрүлдөө) – жарылгыч заттардан кубат бөлүнүп чыгып, ал бир катмардан экинчисине толкун түрүндө үндөн тез таралуучу хим. процесс. Хим. реакцияда согуу толкуну пайда болот. Күйүүчү газдардын ж-а кошундулардын күйүү тездиги, темп-расы, күйүүдөн пайда болгон газ түрүндөгү заттардын басымы улам жогорулай берет. Күйүүнү андан ары да улантканда процесс жарылууга өтөт. Процесс жүрүп жаткан учурда күйүү чөйрөсүнүн көлөмү өзгөрбөсө, көлөмдөгү басым өтө тез жогорулап, күйүү процессинин өзү Д-га айланат. Эгер жарылуу сыяктуу күйүү процессинин басымы 500–1500 кг/см2 болсо, Д. убагында басым 100 000 кг/см2 ж-а андан да жогору болушу ыктымал. Жөнөкөй күйүү, жарылуу сыяктуу күйүү ж-а Д-лык өзгөрүүлөр кычкылдануу принцибинин натыйжасында пайда болот. Басым, процесстин жүрүү ж-а кеӊейүү тездиги, андагы тыгыздык ж. б. параметрлер Д. үчүн зор роль ойнойт. Д. учурунда пайда болгон басымга жаратылыштагы белгилүү заттардын эч бири туруштук бере албайт.