ДЕФЕКТОСКОПИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕФЕКТОСКОПИ́Я (лат. defectuc – кемчилик ж-а ...скопия) – ар кандай материал, иштелип чыккан буюм, тетикти бүлдүрбөй (сындырбай) туруп текшерүү ыкмаларынын жалпы аты. Ма­териалдын ички түзүлүшүндөгү кемчиликти бай­коо, хим. курамынын өзгөрүшүн аныктоо ж. б. максаттар үчүн пайдаланылат. Д. өндүрүштүн ар кайсы тармагында колдонулуп, материал, буюм, тетик даярдоо технологиясын ж-а алар­дын сапатын жакшыртууга, иштөө мөөнөтүн узартууга, кырсыкка жол бербөөгө көмөкчү бо­лот. Д-нын ыкмалары материалдарга таасир эт­кенде алардын физ. касиеттеринин өзгөрүшүнө негизделген. Д-нын оптикалык, радиациялык, радиотолкундук, жылуулук, магниттик, акус­тикалык, куюндуу токтук, электрдик, капил­лярдык сыяктуу түрлөрү бар.

Ад.: Шрайбер Д. С. Ультразвуковая дефектоскопия. М., 1965; Дорофеев А. Л. Электроиндукционная (индук­ционная) дефектоскопия. М., 1967; Румянцев С. В. Радиационная дефектоскопия. 2-е изд. М., 1974.