ДИАЛЕКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДИАЛЕКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛИ́ЗМ – «Марксизмдин философиялык окуусу ж-а коммунисттик партиялардын дүйнөгө көз карашы» (советтик филос. аныктамадан). Д. м. ж-а анын негизги принциптери 19-к-дын 40-жылдарында К. Маркс м-н Ф. Энгельс тарабынан түзүлүп, В. И. Ленин аны андан ары өнүктүргөн. Д. м. бирден-бир жеткилеӊ иштелип чыккан филос. система деп эсептелинген. В. И. Лениндин сөзү м-н айтканда, марксизмдин философиясы – Д. м. немис классикалык философиясына, айрыкча, Л. Фейербахтын материализмине, филос. теориянын туу чокусуна жеткен Гегелдин улуу диалектикасына таянган. Табият таануу илимдери жаатындагы улуу ачылыштар (энергиянын сакталуу закону, клетканын ачылышы, Дарвиндин эвол. теориясы), коомдук өнүгүүнүн индустриялык баскычка өсүп жетилиши, тарыхый ж-а социалдык изилдөөлөрдүн деӊгээли турмуш алдыга койгон орчундуу, түпкү болмуштук маселелерге жооп бере ала турган жаӊы, чыныгы ил. теорияны иштеп чыгуу милдети дүйнөлүк коомдук ой-пикирдин алдына курч коюлган тарыхый чакырык Д. м-ди турмушка алып чыкты,– делет марксизм тарыхынын баянында. Д. м. теориясынын ырастоосуна ылайык, материя – дүйнөнүн жападан-жалгыз негизи, чордону. Ал эми аӊ-сезим болсо, анын касиети. Дүйнөнүн кыймылы ж-а өнүгүшү, Д. м. окуусу көрсөткөндөй, анын ички карама-каршылыктарынын натыйжасында, б. а. карамакаршы жактардын биримдиги м-н күрөшү, сандык өзгөрүүлөрдөн сапаттык түргө өтүү, танууну тануу (үч баскычтуу өнүгүү: тезис – антитезис –синтез) сыяктуу бүт баарына жалпы таандык мыйзамдардын негизинде жүрүп турат. Д. м-дин предмети жалпылык ж-а жекелик, ма- ӊыз ж-а көрүнүш, мазмун ж-а форма, бүтүн ж-а бөлүк, себеп ж-а натыйжа, мүмкүндүк ж-а чындык, зарылдык ж-а кокустук сыяктуу категорияларында ачылат. Д. м-дин эӊ маанилүү принциби – тааным теориясы: жаратылыштын
өнүгүү, өсүү мыйзам ченемдүүлүктөрүнө ойлоонун (ой жүгүртүүнүн) өсүп-өнүгүү тенденцияларынын дал келишин, болмуш м-н ойломдун мыйзамдарынын бипбирдейлигин көрсөтөт. Т. Абдылдабеков.