ДИАЛЕКТОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДИАЛЕКТОГРА́ФИЯ , л и н г в и с т и к а л ы к г е о г р а ф и я – диалектологиянын бир бөлүгү. Диалектилердин таралыш аймагын изилдейт. 19-к-дын аягы – 20-к-дын баш ченинен улуттук атластардын түзүлүшүнө байланыштуу өнүгүп келатат. Россияда тилдик көрүнүштөрдү геогр. жактан изилдөө иши 19-к-дын 2-жарымында башталган. Орус тилиндеги Д. б-ча пландуу түрдө даярдалган туӊгуч эмгек – «Орус диалектологиясынын очерки тиркелген орус тилинин диалектологиялык картасынын Европадагы тажрыйбасы» (1915), «Селигер көл аймагынын лингвистикалык атласы» (1949), «Орус элинин Москвадан Чыгышка чейинки борбордук областтарындагы говорлордун атласы» чыккан (1957).