ДИАЛЕКТОЛОГИЯЛЫК СӨЗДҮК: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДИАЛЕКТОЛОГИЯЛЫК СӨЗДҮК – диалектидеги сөздөрдүн түшүндүрмө сөздүгү. Кырг-нда мындай сөздүк алгач Ж. Мукамбаев тарабынан түзүлгөн. Көп жылдык диалектол. изилдөөлөрдүн негизинде 1972-ж. «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүнүн» 1-тому басылып чыккан, ал кайра оӊдолуп, толукталып 2-жолу 1976-ж. басылган. Бул эмгек 4 томдон турат (калган томдору китеп болуп чыга элек). Д. с-тө диалектилик бай материал жыйналып, ар бир сөзгө маанисине карата толук түшүндүрмө берилген. Сөздүктө кыргыз тилинин лексикасы диалектилик сөздөрдүн эсебинен толукталып жаткандыктан, андагы айрым диалектилерди, өзгөчө жерг. элдин турмуштук, чарбачылык, маданий, этногр. маанидеги сөздөрүн адабий тилде да кеӊири колдонуу м-н, анын лексикалык курамын андан ары байытууда, о. эле этимол. ж-а лингв. изилдөөлөрдү жүргүзүүдө баалуу эмгек болуп саналат. К. Акынбаев.