ДИАТОМИТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДИАТОМИ́Т – негизинен диатом балырларынын кабыкчаларынан түзүлгөн борпоӊ, өӊү ак, агыш боз же саргыч чөкмө тоотек. Хим. курамында 70–98% кремний кычкылы (опал) болот. Д. же- ӊил ж-а көпшөк, газ ж-а суюк эритмелерди си- ӊирет (адсорбент), жылуулукту, үндү начар өт­көрөт, оӊой м-н эрибейт, к-тага туруктуу. Деӊиз, көл түптөрүндө чогулган диатом ылайларынан пайда болот. Бор мезгилинен тартып, айрыкча кайнозой заманында пайда болгон тоотек катмар­ларында учурайт. Д. адсорбент ж-а чыпка (ка­тары кездеме токуу, нефть-химия, тамак-аш ө. ж-нда, антибиотиктерди, кагаз, боёк, суюк ай­нек, жылуулук ж-а үн өткөрбөс материалдарды чыгарууда, цемент даярдоодо ж. б. пайдаланылат.