ДИДАКТИКАЛЫК ПРИНЦИПТЕР: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИДАКТИКАЛЫК ПРИНЦИПТЕР''' – тарбиялоо­нун жалпы максаттарына | '''ДИДАКТИКАЛЫК ПРИНЦИПТЕР''' – тарбиялоо­нун жалпы максаттарына жана окутуу процес­синин мыйзам ченемдүүлүктөрүнө ылайык мек­тептин окуу ишинин мазмунун, уюштуруу фор­маларын жана ыкмаларын аныктоочу алгачкы жоболор. Демек, окутуу принциптери бул са­бакты (окутуу процессин) даярдап өткөрүүгө ко­юлуучу талаптарды туюнта турган алгачкы ди­дактикалык жоболор болуп саналат. Дидакти­када окутуунун төмөнкү принциптери иштелип чыккан: билим берүү, тарбиялоо жана өнүктүрүп­-өстүрүү маселелерин комплекстүү ишке ашыруу. Окутуу менен тарбиялоонун биримдүүлүк мыйза­мына ылайык окутууда тарбия дайыма камты­лат, башкача айтканда окутуу процессинде окуучулар билим алуу менен бирге керектүү сапаттарга да тарбия­ланышат. Окуу процессинде окуучунун турмуш­ка жана билимге болгон мамилеси, ар нерсеге жөндөмдүүлүгү, адеп-ахлактык сезими калып­танат, акылы өсөт, башкача айтканда окутуу менен бирге тар­бия да болот. Тарбиялык таасир окутуунун ажырагыс жандоочусу болуп эсептелет. Мын­дай окутуу окуучуларга дайыма бирдей тарбия­лык таасир берет, анда мугалимдин атайын жасаган аракеттери маанилүү. Анын идеялык багыты ж-а окуучуларга тийгизе турган тааси­ринин күчү төрт фактор (окутулуучу билимдер­дин мазмуну, окутуу ыкмалары, сабакты уюш­туруу формалары ж-а мугалимдин инсан ката­ры таасири) менен аныкталат. Окутуунун натый­жасында окуучулар билим алышат, билгичтик­ке үйрөнүшөт, аларда илимий көз караштын негиз­дери калыптанат жана алардын таанып-билүү жөндөмү өсөт. Мунун бардыгы окуучуларда коомдук жүрүш-туруштун нормаларынын жана адеп-ахлактык идеялардын калыптанышынын негизин түзөт. Демек, окуу процессинин өзүндө окуучуну коомдук социалдык нормаларга тар­биялоо да ишке ашырылат. | ||
чыккан: билим берүү, тарбиялоо | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
жөндөмдүүлүгү, адеп-ахлактык сезими калып­танат, акылы өсөт, | |||
00:51, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИДАКТИКАЛЫК ПРИНЦИПТЕР – тарбиялоонун жалпы максаттарына жана окутуу процессинин мыйзам ченемдүүлүктөрүнө ылайык мектептин окуу ишинин мазмунун, уюштуруу формаларын жана ыкмаларын аныктоочу алгачкы жоболор. Демек, окутуу принциптери бул сабакты (окутуу процессин) даярдап өткөрүүгө коюлуучу талаптарды туюнта турган алгачкы дидактикалык жоболор болуп саналат. Дидактикада окутуунун төмөнкү принциптери иштелип чыккан: билим берүү, тарбиялоо жана өнүктүрүп-өстүрүү маселелерин комплекстүү ишке ашыруу. Окутуу менен тарбиялоонун биримдүүлүк мыйзамына ылайык окутууда тарбия дайыма камтылат, башкача айтканда окутуу процессинде окуучулар билим алуу менен бирге керектүү сапаттарга да тарбияланышат. Окуу процессинде окуучунун турмушка жана билимге болгон мамилеси, ар нерсеге жөндөмдүүлүгү, адеп-ахлактык сезими калыптанат, акылы өсөт, башкача айтканда окутуу менен бирге тарбия да болот. Тарбиялык таасир окутуунун ажырагыс жандоочусу болуп эсептелет. Мындай окутуу окуучуларга дайыма бирдей тарбиялык таасир берет, анда мугалимдин атайын жасаган аракеттери маанилүү. Анын идеялык багыты ж-а окуучуларга тийгизе турган таасиринин күчү төрт фактор (окутулуучу билимдердин мазмуну, окутуу ыкмалары, сабакты уюштуруу формалары ж-а мугалимдин инсан катары таасири) менен аныкталат. Окутуунун натыйжасында окуучулар билим алышат, билгичтикке үйрөнүшөт, аларда илимий көз караштын негиздери калыптанат жана алардын таанып-билүү жөндөмү өсөт. Мунун бардыгы окуучуларда коомдук жүрүш-туруштун нормаларынын жана адеп-ахлактык идеялардын калыптанышынын негизин түзөт. Демек, окуу процессинин өзүндө окуучуну коомдук социалдык нормаларга тарбиялоо да ишке ашырылат.