ДИКТАТОР: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИКТА́ТОР''' (лат. dictator, dicto – бийлеймин, буйрамын) – 1) байыркы Италиянын, бир ка­тар латын шаарларынын жыл сайын шайлануу­чу чексиз укуктуу башкаруучусу, | '''ДИКТА́ТОР''' (лат. dictator, dicto – бийлеймин, буйрамын) – 1) байыркы Италиянын, бир ка­тар латын шаарларынын жыл сайын шайлануу­чу чексиз укуктуу башкаруучусу, ошондой эле ''Латын союзунун'' башчысы; 2) Байыркы Римде республика мез­гилинде (б. з. ч. 5-кылым–1-кылымдын 2-жарымы) кор­кунуч туулуп (согуш, ички башаламандык), бийликти бир адамга берүү зарылдыгы пайда болгондо, сенаттын чечими боюнча консулдар 6 айлык мөөнөткө дайындаган адам (магистрат). Мамлекеттеги бардык бийлик Диктатордун колунда болгон. Диктаторду дайындаганда, титулуна анын шайланышынын себеби көрсөтүлгөн (мисалы, со­гуш коркунучу туулганда дайындалган Диктатор – со­гуш жүргүзүүчү Диктатор). Б. з. ч. 4-кылымга чейин элдик'' чогулушка Диктатордун өкүмүнө каршы даттанууга тыюу салынган. Диктатор бардык кызмат адамын, ошондой эле консулду да башкарган. Адегенде Диктаторлук­ка патрицийлер гана, б. з. ч. 356-жылдан ''пле­бейлер'' да дайындалган. Сулла ж-а Цезардын ту­шунда чексиз мөөнөткө дайындалып, Диктаторлук кызмат монархиялык мүнөз алган. Аны б. з. ч. 44-жылы ''Антоний Марк'' жойгон. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
союзунун'' башчысы; 2) Байыркы Римде | |||
чогулушка | |||
тыюу салынган. | |||
05:44, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДИКТА́ТОР (лат. dictator, dicto – бийлеймин, буйрамын) – 1) байыркы Италиянын, бир катар латын шаарларынын жыл сайын шайлануучу чексиз укуктуу башкаруучусу, ошондой эле Латын союзунун башчысы; 2) Байыркы Римде республика мезгилинде (б. з. ч. 5-кылым–1-кылымдын 2-жарымы) коркунуч туулуп (согуш, ички башаламандык), бийликти бир адамга берүү зарылдыгы пайда болгондо, сенаттын чечими боюнча консулдар 6 айлык мөөнөткө дайындаган адам (магистрат). Мамлекеттеги бардык бийлик Диктатордун колунда болгон. Диктаторду дайындаганда, титулуна анын шайланышынын себеби көрсөтүлгөн (мисалы, согуш коркунучу туулганда дайындалган Диктатор – согуш жүргүзүүчү Диктатор). Б. з. ч. 4-кылымга чейин элдик чогулушка Диктатордун өкүмүнө каршы даттанууга тыюу салынган. Диктатор бардык кызмат адамын, ошондой эле консулду да башкарган. Адегенде Диктаторлукка патрицийлер гана, б. з. ч. 356-жылдан плебейлер да дайындалган. Сулла ж-а Цезардын тушунда чексиз мөөнөткө дайындалып, Диктаторлук кызмат монархиялык мүнөз алган. Аны б. з. ч. 44-жылы Антоний Марк жойгон.