ДИКТОФОН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИКТОФО́Н''' ( | [[Файл:Дик.jpg|thumb]] | ||
үн, сөз) – сүйлөгөн сөздү магнит тасмасына түшүрүп алып, аны кагазга жазуу үчүн кайра угузуучу атайын аппарат; магнитофондун бир түрү. | '''ДИКТОФО́Н''' (латынча dicto – сүйлөп берем, phōne – үн, сөз) – сүйлөгөн сөздү магнит тасмасына түшүрүп алып, аны кагазга жазуу үчүн кайра угузуучу атайын аппарат; магнитофондун бир түрү. Диктофон лекцияны, аңгемелешүүнү, чогулуш жана кеңешмелерде сүйлөнгөн сөздөрдү, телефон менен жана диспетчердик сүйлөшүүлөрдү жазып алууда колдонулат. Тынымсыз түрдө жазып алуу мүмкүнчүлүгү бир нече минуттан бир нече саат­ка чейин болот. Диктофон көтөрүп жүрмө (порта­тивдик) жана орнотулма болуп айырмаланат. Магнитофонго караганда Диктофондун жыштык өткө­рүү тилкеси кууш (300–4500 ''гц'') болгондуктан, үн жай жазылат. Жаңы жазуу жазылганда, мурдагысы өзү эле өчөт. Диктофондо тасманы эки ба­гытта жылдырып, кайра түрүү ылдамдыгы тез­детилген. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
үн жай жазылат. Жаңы жазуу жазылганда, | |||
мурдагысы өзү эле өчөт. | |||
04:47, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДИКТОФО́Н (латынча dicto – сүйлөп берем, phōne – үн, сөз) – сүйлөгөн сөздү магнит тасмасына түшүрүп алып, аны кагазга жазуу үчүн кайра угузуучу атайын аппарат; магнитофондун бир түрү. Диктофон лекцияны, аңгемелешүүнү, чогулуш жана кеңешмелерде сүйлөнгөн сөздөрдү, телефон менен жана диспетчердик сүйлөшүүлөрдү жазып алууда колдонулат. Тынымсыз түрдө жазып алуу мүмкүнчүлүгү бир нече минуттан бир нече саатка чейин болот. Диктофон көтөрүп жүрмө (портативдик) жана орнотулма болуп айырмаланат. Магнитофонго караганда Диктофондун жыштык өткөрүү тилкеси кууш (300–4500 гц) болгондуктан, үн жай жазылат. Жаңы жазуу жазылганда, мурдагысы өзү эле өчөт. Диктофондо тасманы эки багытта жылдырып, кайра түрүү ылдамдыгы тездетилген.