ДИМЕТИЛАНИЛИН: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИМЕТИЛАНИЛИ́Н''' , С<sub>6</sub>Н<sub>5</sub>N(CH<sub>3</sub>)<sub>2 </sub>– үчүнчүлүк | '''ДИМЕТИЛАНИЛИ́Н''' , С<sub>6</sub>Н<sub>5</sub>N(CH<sub>3</sub>)<sub>2 </sub>– үчүнчүлүк майлуу ароматтык амин. Өзүнө мүнөздүү жыты бар, май сыяктуу түссүз суюктук; кайноо t – 192,5°С; көпчүлүк органикалык эриткичтер м-н аралашат; сууда эригичтиги 1–1,4% (12°Сде) Диметиланилин анилинди күкүрт кислотасынын катышуусу м-н метил спирти м-н ав­токлавда ысытуу же анилин м-н метанолдун буу аралашмасын катализатордун үстүнөн өткөрүү жолу м-н алынат. Башка майлуу ароматтык аминдер сыяктуу, экинчилик ж-а үчүнчүлүк таза ароматтык аминдерге караганда, өтө күчтүү не­гиздик касиетке ээ. Диметиланилин молекуласындагы – N(СН<sub>3</sub>)<sub>2 </sub>тобуна карата п-абалында жайгашкан суутек атому кыймылдуу келип, орун алмашуу реакцияларына кирет. Ал эми эки молекула Диметиланилин фосген м-н болгон реакциясында фосгендин мо­лекуласындагы эки хлор атомунун суутектин атомдору м-н орун алмашуусунан Михлер кето­ну пайда болот: ал түссүз кристаллдык зат, кээ бир боёкторду синтездөөдө колдонулат. Диметиланилин жа­рылгыч ж-а фотографияда колдонулуучу өңүнө чыгаргыч заттарды алууда пайдаланылат. | ||
майлуу ароматтык амин. Өзүнө мүнөздүү жыты | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
бар, май сыяктуу түссүз суюктук; кайноо t – 192,5°С; көпчүлүк | |||
суутек атому кыймылдуу келип, орун алмашуу | |||
реакцияларына кирет. Ал эми эки молекула | |||
чыгаргыч заттарды алууда пайдаланылат. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | |||
08:50, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДИМЕТИЛАНИЛИ́Н , С6Н5N(CH3)2 – үчүнчүлүк майлуу ароматтык амин. Өзүнө мүнөздүү жыты бар, май сыяктуу түссүз суюктук; кайноо t – 192,5°С; көпчүлүк органикалык эриткичтер м-н аралашат; сууда эригичтиги 1–1,4% (12°Сде) Диметиланилин анилинди күкүрт кислотасынын катышуусу м-н метил спирти м-н автоклавда ысытуу же анилин м-н метанолдун буу аралашмасын катализатордун үстүнөн өткөрүү жолу м-н алынат. Башка майлуу ароматтык аминдер сыяктуу, экинчилик ж-а үчүнчүлүк таза ароматтык аминдерге караганда, өтө күчтүү негиздик касиетке ээ. Диметиланилин молекуласындагы – N(СН3)2 тобуна карата п-абалында жайгашкан суутек атому кыймылдуу келип, орун алмашуу реакцияларына кирет. Ал эми эки молекула Диметиланилин фосген м-н болгон реакциясында фосгендин молекуласындагы эки хлор атомунун суутектин атомдору м-н орун алмашуусунан Михлер кетону пайда болот: ал түссүз кристаллдык зат, кээ бир боёкторду синтездөөдө колдонулат. Диметиланилин жарылгыч ж-а фотографияда колдонулуучу өңүнө чыгаргыч заттарды алууда пайдаланылат.