ДИРИЖЁРЛУК КЫЛУУ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИРИЖЁРЛУК КЫЛУУ''' – | '''ДИРИЖЁРЛУК КЫЛУУ''' – музыкалык чыгарма атка­рып жаткан учурда коллективди башкаруунун, музыкалык – аткаруучулук искусствонун бир түрү. Дирижёрлук кылуу колдун атайын иштелип чыккан кыймылы жана жандоосу аркылуу ''дирижёр'' (же хормейстер) та­рабынан ишке ашат. Азыркы кездеги Дирижёрлук кылуу ди­рижёрдон музыкалык билимди , чоң даярдыкты, жөндөмдү жана ар кандай партитураны тез өздөш­түрүүнү талап кылат. Дирижёрлук кылуу байыркы заманда эле Грекия, Египетте пайда болгон. Оркестрде ойноонун өнүгүшүнөн (15-кылым) жана көп үн менен ыр­доонун татаалданышынан улам Дирижёрлук кылуу кичине­кей таякча аркылуу жүргүзүлө баштаган. Дирижёрлук кылуу Россияда 18-кылымга чейин негизинен хор өнөрүндө колдонулган. Октябрь революциясынан кийин кон­серваторияларда операга, симфонияга жана хор­го Дирижёрлук кылуу боюнча атайын класстар уюштурулган. 20- кылымдагы көрүнүктүү дирижёрлор: Р. Штраус, Г. Ма­лер, А. Тосканини, Б. Вальтер, В. Фуртвенг­лер, О. Клемперер, Ш. Мюнш, Н. С. Голованов, С. А. Самосуд, Е. А. Мравинский, А. Ш. Мелик- Пашаев, А. В. Свешников, Е. Светланов жана башкалар болгон. Кыргыз ССР искусствосуна эмгек сиңирген ишмерлер Ш. Орозов, А. Аманбаев кыргыздын туңгуч дирижёрлору болгон. Кыргызстанда дирижёрлук искусствонун өнүгүшүнө А. Жумакматов, К. Мол­добасанов, Н.Давлесов, Э. Жумабаев, Ж. Каниме­тов, Р. Жумакунов, Т. Томотоев жана башка профес­сионал дирижёрлор салым кошушту. | ||
[[Файл:Рука.jpg|left|thumb]] | |||
Ад.: ''Мусин И.'' Техника дирижирования. Л., 1967. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | Ад.: ''Мусин И.'' Техника дирижирования. Л., 1967. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
06:06, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДИРИЖЁРЛУК КЫЛУУ – музыкалык чыгарма аткарып жаткан учурда коллективди башкаруунун, музыкалык – аткаруучулук искусствонун бир түрү. Дирижёрлук кылуу колдун атайын иштелип чыккан кыймылы жана жандоосу аркылуу дирижёр (же хормейстер) тарабынан ишке ашат. Азыркы кездеги Дирижёрлук кылуу дирижёрдон музыкалык билимди , чоң даярдыкты, жөндөмдү жана ар кандай партитураны тез өздөштүрүүнү талап кылат. Дирижёрлук кылуу байыркы заманда эле Грекия, Египетте пайда болгон. Оркестрде ойноонун өнүгүшүнөн (15-кылым) жана көп үн менен ырдоонун татаалданышынан улам Дирижёрлук кылуу кичинекей таякча аркылуу жүргүзүлө баштаган. Дирижёрлук кылуу Россияда 18-кылымга чейин негизинен хор өнөрүндө колдонулган. Октябрь революциясынан кийин консерваторияларда операга, симфонияга жана хорго Дирижёрлук кылуу боюнча атайын класстар уюштурулган. 20- кылымдагы көрүнүктүү дирижёрлор: Р. Штраус, Г. Малер, А. Тосканини, Б. Вальтер, В. Фуртвенглер, О. Клемперер, Ш. Мюнш, Н. С. Голованов, С. А. Самосуд, Е. А. Мравинский, А. Ш. Мелик- Пашаев, А. В. Свешников, Е. Светланов жана башкалар болгон. Кыргыз ССР искусствосуна эмгек сиңирген ишмерлер Ш. Орозов, А. Аманбаев кыргыздын туңгуч дирижёрлору болгон. Кыргызстанда дирижёрлук искусствонун өнүгүшүнө А. Жумакматов, К. Молдобасанов, Н.Давлесов, Э. Жумабаев, Ж. Каниметов, Р. Жумакунов, Т. Томотоев жана башка профессионал дирижёрлор салым кошушту.

Ад.: Мусин И. Техника дирижирования. Л., 1967.