ДИСТЕРВЕГ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИ́СТЕРВЕГ''' Фридрих Адольф Вильгельм (29. | '''ДИ́СТЕРВЕГ''' '''Фридрих Адольф Вильгельм''' (29. 10. 1790, Весфадия, Зиген – 7. 7. 1866, Берлин) – немис педагогу, философия илимдеринин доктору (1920). «Рейн баракчалары» педагогикалык журналын чыгарган (1827–66), анда 400 макаласы жарык көргөн ж-а элдик мектепке өзгөчө көңүл бур­ган. 1848-жылы жалпы немис мугалимдер коому­нун төрагасы болуп шайланган. 1851-жылдан «Педагогический ежегодник» аттуу жыйнак китеп чыгара баштаган. Дистервег тарбиялоонун жал­пы адамзаттык идеясын жактаган. Мектептин милдети деп «чыныгы пруссактарды» эмес, гу­мандуу ж-а аң-сезимдүү атуулдарды тарбиялоо­ну тааныган. Дистервег – 20дан ашуун окуу китептин, математика, немис тили, табият таануу, геогра­фия, астрономия боюнча колдонмолордун автору. Ал «Немис мугалимдери үчүн колдонмо» аттуу белгилүү эмгегинде педагогиканын ж-а дидак­тиканын жалпы маселелерине, жеке предмет­терди окутууга көңүл бөлгөн. Бул китеп 1913-жылы кыскартылып, 1956-жылы кеңейтилген түрдө орус тилине которулуп, жарыкка чыккан. Дистервег оку­туу принциптерин конкреттештирген. Я. А. Ко­менскийдин «Жакындан алыска карай», «Жө­нөкөйдөн татаалга карай» ж. б. эрежелерин алгачкы жолу психологиялык жактан негиздеген: окуу материалын ийгиликтүү өздөштүрүүнүн шарты, анын жеткиликтүүлүгү, аны жүзөгө ашыруу мугалимдин аракетине байланыштуу деп эсеп­теген. Дистервегдин педагогикалык идеялары чет өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да кеңири белгилүү. | ||
10. 1790, Весфадия, Зиген – 7. 7. 1866, Берлин) – немис педагогу, философия | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
чыгарган (1827–66), анда 400 макаласы жарык көргөн ж-а элдик мектепке өзгөчө көңүл бур­ган. 1848- | |||
«Педагогический ежегодник» аттуу жыйнак китеп чыгара баштаган. | |||
03:55, 9 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИ́СТЕРВЕГ Фридрих Адольф Вильгельм (29. 10. 1790, Весфадия, Зиген – 7. 7. 1866, Берлин) – немис педагогу, философия илимдеринин доктору (1920). «Рейн баракчалары» педагогикалык журналын чыгарган (1827–66), анда 400 макаласы жарык көргөн ж-а элдик мектепке өзгөчө көңүл бурган. 1848-жылы жалпы немис мугалимдер коомунун төрагасы болуп шайланган. 1851-жылдан «Педагогический ежегодник» аттуу жыйнак китеп чыгара баштаган. Дистервег тарбиялоонун жалпы адамзаттык идеясын жактаган. Мектептин милдети деп «чыныгы пруссактарды» эмес, гумандуу ж-а аң-сезимдүү атуулдарды тарбиялоону тааныган. Дистервег – 20дан ашуун окуу китептин, математика, немис тили, табият таануу, география, астрономия боюнча колдонмолордун автору. Ал «Немис мугалимдери үчүн колдонмо» аттуу белгилүү эмгегинде педагогиканын ж-а дидактиканын жалпы маселелерине, жеке предметтерди окутууга көңүл бөлгөн. Бул китеп 1913-жылы кыскартылып, 1956-жылы кеңейтилген түрдө орус тилине которулуп, жарыкка чыккан. Дистервег окутуу принциптерин конкреттештирген. Я. А. Коменскийдин «Жакындан алыска карай», «Жөнөкөйдөн татаалга карай» ж. б. эрежелерин алгачкы жолу психологиялык жактан негиздеген: окуу материалын ийгиликтүү өздөштүрүүнүн шарты, анын жеткиликтүүлүгү, аны жүзөгө ашыруу мугалимдин аракетине байланыштуу деп эсептеген. Дистервегдин педагогикалык идеялары чет өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да кеңири белгилүү.