ДОБУЛБАС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ДОБУЛБАС''' – кыргыздын барабан сымал ба­йыркы урма аспабы. Тулкусу жезден, мистен, темирден жасалып, тулга сымал түспөлдө ке­лет. Жыгач алкактын бетине төөнүн чылгый териси капталып жасалган. Илгери согушта бел­ги берүү, душмандын үрөйүн учуруу максатын­да пайдаланылган. Д-ты мүнүшкөрлүккө чык­канда кайберенди ж-а илбээсинди үркүтүү үчүн да колдонушкан. Д-ты колго же ээрдин кашы­на илип  
'''ДОБУЛБАС''' – кыргыздын барабан сымал ба­йыркы урма аспабы. Тулкусу жезден, мистен, темирден жасалып, тулга сымал түспөлдө ке­лет. Жыгач алкактын бетине төөнүн чылгый териси капталып жасалган. Илгери согушта бел­ги берүү, душмандын үрөйүн учуруу максатын­да пайдаланылган. Добулбасты мүнүшкөрлүккө чык­канда кайберенди жана илбээсинди үркүтүү үчүн да колдонушкан. Добулбасты колго же ээрдин кашы­на илип  
[[File:ДОБУЛБАС19.png | thumb | none]]
[[File:ДОБУЛБАС19.png | thumb | none]]
коюп, тоголок баш таякча м-н ургулап ойношкон. Казактын даулпазы Д-ка окшош. Д-тын жакшыртылган түрү азыр эл аспаптар оркестрлеринде, ансамблдерде пайдаланылууда. Д-тын добул, доол, доолборс деген түрлөрү да учурайт. Бирок алардын эң кеңири тараган тү­рү – доол.
коюп, тоголок баш таякча менен ургулап ойношкон. Казактын даулпазы Добулбаска окшош. Добулбастын жакшыртылган түрү азыр эл аспаптар оркестрлеринде, ансамблдерде пайдаланылууда. Добулбастын добул, доол, доолборс деген түрлөрү да учурайт. Бирок алардын эң кеңири тараган тү­рү – доол.


Ад.: ''Алагушов Б.'' Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары. Ф., 1974. [[Категория:3-том, 86-170 бб]]
Ад.: ''Алагушов Б.'' Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары. Ф., 1974. [[Категория:3-том, 86-170 бб]]

07:58, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДОБУЛБАС – кыргыздын барабан сымал ба­йыркы урма аспабы. Тулкусу жезден, мистен, темирден жасалып, тулга сымал түспөлдө ке­лет. Жыгач алкактын бетине төөнүн чылгый териси капталып жасалган. Илгери согушта бел­ги берүү, душмандын үрөйүн учуруу максатын­да пайдаланылган. Добулбасты мүнүшкөрлүккө чык­канда кайберенди жана илбээсинди үркүтүү үчүн да колдонушкан. Добулбасты колго же ээрдин кашы­на илип

коюп, тоголок баш таякча менен ургулап ойношкон. Казактын даулпазы Добулбаска окшош. Добулбастын жакшыртылган түрү азыр эл аспаптар оркестрлеринде, ансамблдерде пайдаланылууда. Добулбастын добул, доол, доолборс деген түрлөрү да учурайт. Бирок алардын эң кеңири тараган тү­рү – доол.

Ад.: Алагушов Б. Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары. Ф., 1974.