ДОГМАТИЗМ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДОГМАТИ́ЗМ''' – бир жактуу, жаңыруу идеясы­нан оолак, конкреттүү тарыхый шарттык өзгөрү­шүнө каршы турган ойлоонун бир түрү. Турмуш көрүнүштөрүн кабыл алууда, баалоодо, түшүнүү­дө алардын ордун, мезгилин, ар кандай аракет­тердин өзгөчөлүү шарттарына кабылаарын эске албастан, качандыр бир кездерде өздөштүрүлгөн жобонун алкагынан чыкпай чектелип калуучу­лук, | '''ДОГМАТИ́ЗМ''' – бир жактуу, жаңыруу идеясы­нан оолак, конкреттүү тарыхый шарттык өзгөрү­шүнө каршы турган ойлоонун бир түрү. Турмуш көрүнүштөрүн кабыл алууда, баалоодо, түшүнүү­дө алардын ордун, мезгилин, ар кандай аракет­тердин өзгөчөлүү шарттарына кабылаарын эске албастан, качандыр бир кездерде өздөштүрүлгөн жобонун алкагынан чыкпай чектелип калуучу­лук, башкача айтканда акыл-эстин шалакылыгы, сенектиги, эскирген канондордун тушоосунан кутулуп, жа­ңычылдыкка карай жогору көтөрүлүүгө жөндөм­сүздүгү, чыгармачыл ой жүгүртүүнүн дээрлик жоктугу. Догматизмдин келип чыгышынын ж-а турмуш­та орун алып келатышынын түпкү себеби (та­мыры) – ойлоодо субъективизмге ооп кетүүчүлүк, башкача айтканда реалдуу көрүнүштөрдүн (турмуш чындыгы­нын) чексиз динамикалуулугун, конкреттүүлү­гүн, андагы абсолюттук м-н салыштырмалуулуктун диа­лектикасын атайылап же аңдоосуз элес албоо­дон келип чыккан бир жактуулук; психология жа­гы – мартабага жүгүнүүчүлүк, аброй алдындагы сокур ишеним (ойлонбой ишенүүчүлүк); жама­аттык, топтук (корпоративдүү) таламдар же же­кече (эгоизм) кызыкчылыктар таасирлери; во­люнтаризм кысымдары ж. б. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
07:57, 10 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДОГМАТИ́ЗМ – бир жактуу, жаңыруу идеясынан оолак, конкреттүү тарыхый шарттык өзгөрүшүнө каршы турган ойлоонун бир түрү. Турмуш көрүнүштөрүн кабыл алууда, баалоодо, түшүнүүдө алардын ордун, мезгилин, ар кандай аракеттердин өзгөчөлүү шарттарына кабылаарын эске албастан, качандыр бир кездерде өздөштүрүлгөн жобонун алкагынан чыкпай чектелип калуучулук, башкача айтканда акыл-эстин шалакылыгы, сенектиги, эскирген канондордун тушоосунан кутулуп, жаңычылдыкка карай жогору көтөрүлүүгө жөндөмсүздүгү, чыгармачыл ой жүгүртүүнүн дээрлик жоктугу. Догматизмдин келип чыгышынын ж-а турмушта орун алып келатышынын түпкү себеби (тамыры) – ойлоодо субъективизмге ооп кетүүчүлүк, башкача айтканда реалдуу көрүнүштөрдүн (турмуш чындыгынын) чексиз динамикалуулугун, конкреттүүлүгүн, андагы абсолюттук м-н салыштырмалуулуктун диалектикасын атайылап же аңдоосуз элес албоодон келип чыккан бир жактуулук; психология жагы – мартабага жүгүнүүчүлүк, аброй алдындагы сокур ишеним (ойлонбой ишенүүчүлүк); жамааттык, топтук (корпоративдүү) таламдар же жекече (эгоизм) кызыкчылыктар таасирлери; волюнтаризм кысымдары ж. б.