ДОЛОНО: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДОЛОНО (Crataegus) – роза гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бадал же анча чоң эмес дарак (бийикт. 4–5 м). Өркүнү тикендүү, жалбырагы жөнөкөй, манжа сымал. Гүлү ак, кызгылт. Топ гүлү калканч же чачы сымал. Мөмөсү майда, өңү кызыл, саргыч кызыл же кара.

Д-нун 200дөй (кээ бир маалымат б-ча 1000дей) түрү Америка ж-а Евразиянын мелүүн жерлеринде өсөт. КМШда 50, Кырг-нда 7 түрү бар. Кызыл Д. м-н чыгыш Д-су көп кездешет. Кызыл Д. – жыгач сымал бадал, катуу тикендүү, сөңгөгүнөн майда буюм жасалат. Мөмөсү желет, дарылык касиетке ээ. Мөмөсүнөн ж-а гүлүнөн алынган экстракт, маңыздары медицинада жүрөк, невроз ж-а гипертония ооруларын дарылоодо колдонулат.