ДОМИНАНТТУУЛУК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДОМИНАНТТУУЛУК – гетерозиготалуу особ­дун белгилерин аныктоодо гендин бир аллели экинчи аллелдин катышуусун чыгарбай басым­дуулук кылуусу. «Д.» терминин Г. Мендель кир­гизген. Ал түрдүү белгиси бар буурчактарды ар­гындаштыруудан Д-ту аныктаган. Мис., сары ж-а жашыл уруктуу буурчактарды аргындаш­тырганда 1-муундун (F) уруктары сары болуп ка­лат да, жашыл уруктарга үстөмдүк кылат, б. а. жашыл урук көмүскөдө калат. Үстөмдүк кыл­ганы доминаттык (А), көмүскөдө калганы рецес­сиялык (а) аллель деп аталат, к. Мендель за­кондору.