ДОМНА ӨНДҮРҮШҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДО́МНА ӨНДҮРҮШҮ – темир кенташын же кесек темирди домна мешинде эритип, чоюн алуу
өндүрүшү; кара металлургиянын бир тармагы.
Чоюн б. з. ч. 4–6-к-да эле белгилүү болгон ж-а жыгач көмүр жагылган шахта меши пайда болгондон баштап алына баштаган. Россияда 1-жолу чоюн Уралда 1701-ж. алынган. Буу үйлөтүүчү машина (1766), үйлөтүп ысытуу (1829), регенератор тибиндеги жылыткыч (1857) ойлоп табылгандан кийин, чоюн алуу өнүктү. Д. ө-нүн алгачкы материалы шихта, ал темир ж-а марганец кенташы, агломерат, акиташ, күйүүчү май ж-а флюстан турат. Негизги отуну – таш көмүр, кокс. Эритүүдөн кийин чектүү, куюлма ж-а атайын
чоюн, домна газы [күйүү жылуулугу 3,6–4,6
Мдж/м3
(800–1100 ккал/м3)] ж-а курулуш материалдык жасалуучу шлак алынат. Бул өндүрүштө атайын домна цехи түзүлөт. Анда толук металлургиялык циклдүү 3 домна меши орнотулат. Мештин ишин башкаруу – шихтанын курамын ж-а санын, үйлөтүүнүн темп-расын ж-а нымдуулугун жөнгө салуу – атайын приборлор м-н жүргүзүлөт. Азыр Д. ө-н өркүндөтүү багытында сырьё даярдоону жакшыртуу, домна мешинин кубаттуулугун жогорулатуу, келечектүү технологияны кийирүү ж-а меш ишин автоматтык түрдө башкаруу жумуштары жүргүзүлүүдө.