ДОНЕЛАЙТИС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДОНЕЛА́ЙТИС Кристионас (1. 1. 1714, азыркы Литва, Радвилишкис р-ну, Лаздинеляй – 18. 2. 1780, Тольмингнемен, азыркы РФ, Калинин­град обл., Чистые Пруды) – литва акыны, лит­ва көркөм ад-тына негиз салуучу. 18-к-дагы Ев­ропа ад-тындагы реалисттик багыттын өкүлү. Кёнигсберг ун-тин (1740) бүтүргөн. Д-тин чыгар­масы өз учурунда кол жазма түрүндө таралган. Ал 6 тамсил (1824-ж. басылган) ж-а атактуу «Жыл мезгилдери» (1818-ж. жарыяланган) поэ­масынын автору. Социалдык мааниси, реалист­тик принциптердин жеткилең иштелиши, көркөм образдардын күчү б-ча Д-тин «Жыл мез­гилдери» – дүйнөлүк ад-ттын классикалык үл­гүлөрүнөн. Поэманы И. В. Гёте, А. Мицкевич ж. б. жогору баалаган. Поэма чет тилдерге ко­торулган. Тынчтыктын Бүткүл дүйнөлүк сове­тинин чечими м-н Д-тин туулган күнүнүн 250 жылдыгы белгиленген (1964).