ДОҢКУЛДАКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДОҢКУЛДАКТАР , т о ң к у л д а к т а р (Picidae) – куштардын доңкулдак сымалдар түркүмүнүн тукуму. Д. көбүнчө токойдо жашайт. Дене уз. 9–56 см, баш сөөгү чың, тумшугу көзөөч сымал учтуу, катуу мүйүз кабык м-н каптал­ган; моюн булчуңу күчтүү болуп, жем издегенде же уя салганда жыгачты оюп тешет. Буту кыс­ка, тырмагы катуу, учтуу, манжалары узун, эки манжасы алга, экөө артка карайт, даракка жар­машып, жөргөлөп жүрүүгө ыңгайланган. Куй­рук чалгындары катуу, бак-даракты тешкенде таяныч болот. Айрым Д-дын тумшугу начар ж-а куйрук канаты жумшак болуп (мис., сой­кубаш Д.) жыгач теше албайт, чириген, жум­шак жыгачты гана тешет. Д. узун, ичке ти­лин сунуп жыгачтан, кабык астынан жемин таап жейт. Жабышкак шилекей бөлүп чыгар­гандыктан, курт-кумурскалар тилине жабышып

Доңкулдактар: 1 – чаар доңкулдак; 2 – кара доң­кулдак. же сайылып калат. Айрым Д. курт-кумурска­ларды жерден тили м-н алып жейт. Д. жыгач­тын же ири кактустардын коңулуна, чөлдө жа­шагандары ийинге же таштын арасына уялайт, 2–12 жумуртка тууйт. Балапандары жылаңач чыгат. 213 түрү кеңири таралган. КМШ өлкө­лөрүндө 15, Кырг-нда 4 түрү кездешет. Д. курт­кумурска, өсүмдүк мөмөсү, уругу, дарак ширеси м-н азыктанат. Кээде башка куштардын уясын бүлдүрөт. 4 түрү, 8 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл Ки­тебине катталган.