ДОҢУЗ КОРГОШУН КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДОҢУЗ КОРГОШУН КЕНИ Нарын обл-нун Жум­гал р-нунда, Ак-Улак кыш-нын түш.-чыгышын­да, Молдо-Тоонун түн. жак бетинде. Кен айма­гын карбон мезгилинде пайда болгон доломит ж-а доломиттешкен акиташтеги түзөт. Бул тек­тер бүктөлүүгө дуушарланып, антиклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Анын түш. канаты жы­лышуулар тибиндеги жаракалар м-н тилмелен­ген. Кенташ тилкеси брекчияланган жарака­ларда топтолуп, тарам, линза, уя түрүндө жа­тат. Уз. 500 м, калыңдыгы 0,5–2 м. Кендин түн.- батыш жагы элювий-делювий чөгүндүсү м-н жабылып калган. Чыгыш тарабы кууштап, жок болот. Негизги минералы: галенит, сфалерит, пирит, халькопирит ж. б. Кенташ тилкесинин үстүнкү бөлүгү кычкылданууга дуушарланган.