ДОСТУК БЕРИЛЛИЙ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДОСТУК БЕРИ́ЛЛИЙ КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Кемин т. ж. бекетинен 49 км түндүктө, Кур-Сай ж-а Достук-Сай сууларынын аралыгында, деңиз деңг. 2250–2450 м бийиктикте жайгашкан. 1961–65-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы девон мезгилинин терриген-жанартоо тектеринен түзүлгөн. Жогорку пермдин лейкократтуу граниттери жиреп чыккан. Кенташ тулкулары фенакит ж-а берилл минералдары м-н флюорит метасоматитинен түзүлүп, түн.-батыш ж-а түн.-чыгыш тарапка созулган талкаланды зоналарда жайгашкан. Кенташ тулкуларынын уз. 20–500 м, калыңдыгы 0,1 м- ден 13,5 мге чейин. Бериллий кычкылынын орт. өлчөмү 0,113%. Кенташтын болжолдуу ресурсу – 7604,5 миң т, бериллий кычкылыныкы – 8625 т.