ДОХА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДО́ХА – Катар мамлекетинин борбор шаары.
Түш.-Батыш Азияда, Катар ж. а-нда. Перс бу­луңундагы порт. Калкы 293,0 миң (2003). Эл аралык аэропорту бар. Б. з. 7-к-нда Араб хали-

Түштүк-Батыш Азиядагы эң ири Доха порту.

фатынын курамында, 13–14-к-да Бахрейн эмир­лери башкарып келген, 16-к-да Португалиянын, 1872-жылдан Оттоман империясынын курамы­на кирген. 1971-ж. чейин Улуу Британия про­тектораты. Металл иштетүү, цемент, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Балык кармалат. Бермет чогултулат. Ун-т, пед. ин-т, музейлер (улуттук, этногр.) бар. Арх-ра эстеликтери сакталган. 2007-ж. Д-да ХХ Азия чемпионаты өткө­рүлгөн.