ДӨҢ-АЛЫШ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДӨҢ-АЛЫШ – Нарын обл-нун Кочкор р-нундагы кыштак. Талаа-Булак айыл өкмөтүнө караштуу. Каракол өрөөнүнүн оозунда, Каракол суусунун боюнда, деңиз деңг. 2500 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыш-нан 65 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 120 км. Кыштак 1935-ж. отурукташкан. Калкы 1378 (2006); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, клуб, китепкана бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры К. Мамбеталиев туулган.